Олимпиадага жолдомо уткан балбандар

Грек-рим күрөшүнөн 85 килограммга чейинки салмакта Жанарбек Кенжеев индиялык, жапониялык балбандарды жеңип, финалга чыгып, Олимп оюндарына жолдомо алды. Алтын байге үчүн күрөштө кытай балбаны Фей Пенг менен күрөшүп 8:2 эсебинде жеңилди. Мелдештин эрежеси боюнча олимпиадага лицензия финалга чыккан спортчуларга берилет.

Жанарбек Кенжеев.

Эркектер арасында эркин күрөштөн 97 килограммга чейинки салмакта Магомед Мусаев финалда казакстандык Мамед Ибрагимовду 3:2 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.

Мусаев чечүүчү беттешке чейин жапониялык Такеши Йамагучини 1:1, өзбекстандык Магомед Ибрагимовду 8:2, индиялык Сатуарт Кадианды 4:3 эсебинде утуп алган эле.

2016-жылдагы жайкы Олимп оюндарына жолдомо алган эркин күрөш балбаны Магомед Мусаев.

Кыз-келиндер арасында эркин күрөштөн Айсулуу Тыныбекова 58 килограммга чейинки салмакта финалда монголиялык Орхон Пуревдоржду 10:5 эсебинде жеңип алды. Тыныбекова өзбекстандык, вьетнамдык жана түндүк кореялык атаандаштарын утуп финалга чыккан.

Айсулуу Тыныбекова үчүн жарым финалдык беттеш өтө оор болду. Ал 3:7 эсебинде түндүк кореялык Ин Сун Жонгго жеңилип жатканда атаандашын килемге таза басып жыгылды. Айсулуу жасаган ыкманы калыстар үч упайга баалап, таза жеңишти беришпей күрөш уланган. Бирок, калыстар чечимин кайрадан өзгөртүп, Айсулууга дагы бир упай берилип, 7:7 эсебинде жеңиш ыйгарылды. Натыйжада олимпиадага жолдомо берилди. Айсулуу Тыныбекова быйыл Азия чемпиону наамына ээ болгон. 

Грек-рим күрөшүнөн 130 килограммга чейинки салмакта Мурат Рамонов күмүш байгеге ээ болду. Ал чейрек финалда тажикстандык Муроджон Туйчевди 8:0, жарым финалда өзбекстандык Муминжон Абдуллоевди жеңип финалга чыккан. Алтын байге үчүн беттеште казакстандык Нурмахан Тыналиевге 8:0 эсебинде жеңилип, экинчи орунду алып Рио-де-Жанейродо боло турган Олимп оюндарына жолдомо алды.

Эркин күрөштөн Илгиз Жакыпбеков, Самат Надырбек уулу, Айаал Лазарев, грек-рим күрөшүнөн Азис Атабеков коло медаль тагынышты. Сүрөттө кыргызстандык Самат Надырбек уулу менен өзбекстандык Нодиржон Сафаровдун чейрек финалдагы беттеши. 57 килограммга чейин салмактагы балбандардын бул таймашында Самат Надырбек уулу 5:2 эсебинде жеңишке жеткен.

Эркин күрөш балбаны Айаал Лазарев коло байге үчүн күрөштү. 125 килограмм салмакка чейинкилер арасында күч сынашкан Лазарев өзбекстандык Хасанбой Рахимовду 10:0, индиялык Хайтендер аттуу балбанды 5:0 эсебинде таза жеңип, жарым финалга чыккан. Финалга чыгуу үчүн беттеште казакстандык Даулет Шабанбайга 10:8 эсебинде утулуп, жайкы олимпиадага жолдомо ала албай калды. Финалга чыккан балбандарга олимпиадага лицензия берилет. Ал коло байге үчүн тажикстандык Фарход Анакулов менен күч сынашып, утуп алды.

Спорттук күрөш боюнча Азиялык лицензиялык мелдеш 18-марттан 20-мартка чейин өттү. Мелдеште жалпысынан олимпиадага 36 жолдомо ойнотулду. Учурда Кыргызстандын эсебинде олимпиадага сегиз жолдомо бар. Буга чейин жеңил атлетчилер Дарья Маслова, Мария Карабицкая, Юлия Андреева жана грек-рим күрөшчүсү Арсен Эралиев быйыл жайында Рио-де-Жанейродо боло турган Олимп оюндарына жолдомо алышкан.