Атага сагынычын китепке айланткан Роза Айтматова
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Чыгаан илимпоз, коомдук ишмер Роза Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын алдында өттү. Аны замандаштары даанышмандыгын, жөнөкөйлүгүн, аялдардын укугу үчүн күрөшүп, тарыхый акыйкаттыкты калыбына келтирүүгө зор салым кошкон кайраттуу инсан катары эскеришти. Роза Айтматова 89 жашында дүйнө салды. Ал залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы эле.