Быйылкы Айт намаз мечиттерде окулду

Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте бүгүнкү айт намазга 10 миңден ашуун адам чогулган. Бул жолку Айт намаз өлкөнүн бардык аймактарында мечиттерде гана окулду.

Имам Сарахси мечити.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Имам Сарахси атындагы мечитте окулган Айт намазга катышты.

Айт намазга Министрлер кабинетинин төрагасы  Акылбек Жапаров да барган. 

Айт намазга чогулган эл. 

Ички иштер министрлиги Орозо айт майрамына байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иштеди. Коомдук коопсуздукту сактоо максатында өлкө боюнча 10 миңден ашуун милиция кызматкери Айт намаз окулган мечиттерди көзөмөлдөп турду. 

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы бул чечимди “акыркы убакта дүйнөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу элдин коопсуздугун эске алуу менен”  кабыл алганын билдирди. 

Мусулмандар үчүн ыйык саналган Айт намаз буга чейин Бишкек, Ош жана башка шаарларда негизги аянттарда окулуп келген. Ошондуктан бул жолу муфтияттын чечимин сынга алгандар да, кубаттагандар да болоду.

"Дүйнөдөгү кырдаалды эске алганда кандай гана иш-чара өткөрүлбөсүн адамдардын коопсуздугу биринчи орунда турушу керек", - дейт Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Артур Медетбеков.

Айт намаз 2020-жылы да коронавирус пандемиясынан улам мечиттерде окулган. 

Өткөн айда Орусиядагы “Крокус Сити Холл” борборундагы кол салуу чөлкөмдөгү коопсуздук жана диний кырдаалды кайрадан күн тартибине чыгарды. 

Кыргызстанда быйылкы Орозо айт намазы коопсуздук масесинен улам мечиттерде гана окулду. Коомдук коопсуздукту сактоо максатында өлкө боюнча 10 миңден ашуун милиция кызматкери тартылып, мечиттерди кайтарууга алды. Өлкөдө буга чейинки Орозо айт намазы өкмөт үйүнүн алдындагы аянтта окулуп келген.