Азербайжанда оппозициячыл «Мусават» партиясынын мүчөсү Тофиг Ягублу бейбаштык үчүн айыпталып, үч айга камалды. Мындай чечимди Бакунун райондук соту 25-мартта чыгарганын саясатчынын адвокаты Элчин Садыгов билдирди.
Ягублу өзүнө коюлган айыпты четке какты. Ал 23-мартта машинесин келип сүзгөндөр менен чатакташа кеткен. Бирок кызы мунун баарын атайын уюштурулган чагым деп эсептейт.
«Human Rights Watch» эл аралык уюмунун өкүлү Георгий Гогия Азербайжандын бийлиги мындай чагымдарды оппозициячыл саясатчылардын үнүн басыш үчүн колдонуп келерин билдирди.
19-мартта мамлекет башчы Илхам Алиев Нооруз майрамына карата кайрылуусунда жакын арада коронавируска байланыштуу өлкөдө өзгөчө абал жарыяланышы мүмкүн экенин билдирди.