Укук коргоочулукка жетелеген оор жылдар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Азиза Абдирасулова укук коргоочу болгонго чейин татаал тагдырды башынан өткөргөн. Ал Майлуу-Суудагы оор күндөр, тирилик үчүн таштандыдан темир-тезек издеген учурлары, айласыздан Бишкекке келип “Ош базарында” тамак саткан кездери, гезитке макала жазып жүрүп жарандык активисттер менен таанышканы, эки күнгө камалганы, соттолгону тууралуу сыр бөлүштү. Ошондой эле азыркы жашоосу, укук коргоочулук ишмердиги, өзү түптөгөн “Кылым шамы” уюмунун жетекчилигинен кеткенин айтып берди.