Баткен: Ак-Сайдын тургундары үйүнө кайта элек

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткенде сентябрь айындагы чек ара жаңжалында өрттөлүп, тонолгон үйлөр кайра курулуп, январдан баштап пайдаланууга берилери айтылган. Учурда Баткендин чек ара айылдарында курулуп жаткан үйлөрдүн он чактысында гана ички жасалгалоо иштери башталбаса, калганы жакынкы бир ай аралыгында пайдаланууга берилиши мүмкүн эмес. Курулуш үчүн жооптуу адамдар иштин кечигип жатканына аба ырайы жана курулуш эрежелерин сактоо талаптары себеп экенин айтышууда. Дээрлик талкаланып калган Ак-Сай айылында үй-жайынын жоктугунан жана коопсуздуктан улам 2 миңден ашык жашоочулар айылга кайта элек.