Баткен: насыяга курулган чорго какшып турат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткен шаарынын 2 200 кожолугун таза суу менен камсыздоо үчүн 2016-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 5 млн 200 миң евро каражат бөлгөн. Долбоорду казакстандык компания ишке ашырган. Бирок башта айтылгандай 2200 кожолуктун тең жарымында суу чыкпай калды. Бөлүнгөн каражаттын 1,5 миллиону насыя болгондуктан ушул тапта ал шаардык казынадан кайра төлөнүп жатат.