Баткен: үйү бүткөндөр Ак-Сайга кайта баштады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткендин Ак-Сай айылында сентябрдагы чек ара жаңжалында өрттөлүп, тонолгон үйлөр кайра курулуп, 40ка жакыны бүтүп, үй ээлерине тапшырылды. Жергиликтүүлөр жаңы үйлөрүнө жайгаша баштады. Калгандары үйдүн курулушун шашылыш бүтүрбөй, өз эрежеси менен жазга чейин иш бүтсө да болот деген сунуштарын айтууда.