"Бишкек Арена": 386 млн долларлык стадиондун жүгүн ким көтөрөт?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жаңы гана ачылып, баасы талаш жараткан “Бишкек арена” стадиону 386 миллион долларга курулганы белгилүү болду. Борбор Азиядагы эң чоң спорт комплексте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы 31-августта өттү. Комплекс 20 гектар жерди ээлеп, курулуштун жалпы аянты 195 миң чарчы метр.