Төрт жылдан бери бүтпөгөн Бишкек - Кара-Балта жолу

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Төрт жылдан бери салынып жаткан Бишкек - Кара-Балта жолу бүтө элек. Жол салуунун кечеңдеп жатышы айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн нааразылыгын жаратып келет. Эл жыш жашаган калктуу пунктарды аралап өткөн бул жол Кыргызстанда салынып жаткан кымбат жолдордун бири экени белгилүү. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек - Кара-Балта жолу 2022-жылы күзүндө толук бүтөрүн билдирди.