Кыргызстандагы Нооруз

Борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы буга чейин кабарлагандай, быйыл Нооруз майрамы 20-марттан 22-мартка чейин белгиленет.

20-мартта саат 13:00дө улуттук спорт оюндары болот, саат 14:00дөн кечки 22:00гө чейин майрамдык концерт болот.

21-мартта саат 9:00дө аянтта майрамдык чоң салтанат башталды. Саат 12:15тен тартып кечки 22:00гө чейин жергиликтүү ырчы-аткаруучулардын катышуусунда чоң концерт болот.

20-мартта саат 13:00дө улуттук спорт оюндары, саат 14:00дөн кечки 22:00гө чейин майрамдык концерт өткөн. 

22-мартта саат 10:00дө кайрадан улуттук спорт оюндары уюштурулуп, түштөн кийин концерттик программа башталат.

21-мартта Бишкектин борбордук аянтында президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен чогуу чоң салтанатка катышты. Шаар мэри Айбек Жунушалиевдин, президент Садыр Жапаровдун куттуктоосунан кийин майрамдык концерт башталды.

Шаардагы төрт райондун ар биринде да майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Улуттук тамак-аш, көркөм өнөр көргөзмөлөрү, ырчы кыз-жигиттердин "Сармерден" айтышы уюштурулат. Айрым жерлерде Нооруздун символу - сүмөлөк бышырылат.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов. 21-март, 2024-жыл. 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Нооруз майрамын белгилөө күндөрүндө милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. 

Майрамдык салтанатка келген Жогорку Кеңештин депутаттары. Бишкек. 

Бишкек шаарында Нооруз майрамын майрамдоого байланыштуу Ала-Тоо аянтына жакын көчөлөр 18-марттан 23-мартка чейин беш күн жабык болот. Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, Чүй проспекти Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин, Раззаков көчөсү Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин, ал эми Орозбеков көчөсү Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин жабык болот.


ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, төрт күнгө созулуучу дем алышта жана Нооруз майрамы учурунда атайын, күчөтүлгөн иш тартибинин планы түзүлдү. 

Нооруз майрамы 21-мартта Бишкектеги Ала-Тоо аянтында, жер-жерлердеги борбордук аянттарда, маданият үйлөрүндө өткөрүлүп келет. Бул күнү Нооруздун символу болгон сүмөлөк кайнатылып, улуттук спорт оюндары уюштурулат. 

21-мартта Бишкекте жаңы ат майдандын курулушуна капсула салынды. 

Ноорузду утурлай, Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында көк бөрү боюнча "Нооруз-2024" республикалык мелдеши башталган. 14-марттан бери өтүп жаткан мелдешке 40 команда катышкан.

Бүгүнкү финалда Таластын "Ынтымак" жана Оштун "Достук" командасы беттешүүдө. 

Баткен шаары. Баткенде  21-мартта Нооруз майрамына арналып өткөн салтанатка Өзбекстандын Сох районунун акимчилигинен келген өкүлдөр катышып, кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттукташты. Иш-чарага Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов барды.

Өзбекстандын Сох районунун акиминин орун басары Илхомжон Абдимажитов. Баткен. 21-март, 2024-жыл 

Тараптар Нооруз эзелтен тили, дини бир кыргыз-өзбек элинин орток майрамы болуп келгенин белгилешти. Баткен шаары. 21-март, 2024-жыл 

Облустун борборундагы стадиондо өтүп жаткан майрамдык салтанатты улай улуттук жана башка спорт оюндары, тамак-аш жана көркөм өнөр буюмдарынын көргөзмөлөрү уюштурулган. Нооруздун салттуу тамагы - сүмөлөк даярдалган.

 

 

 

Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чаралар Баткендин бардык райондорунда, Сүлүктү, Исфана жана Кызыл-Кыя шаарларында да өтүп жатат.

Нооруз майрамы Ошто да белгиленди. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.  

Оштогу майрамдан бир сүртүм. Кыргыздын чач өрүү салтын көргөзүп жаткандар, 

Акылбек Жапаров Ош шаарында таза суу көйгөйү чечилгенин айтты.  

"Азыр Ош шаарынын аянты 2,5 эсеге кеңейди, элинин саны 100 миң адамга көбөйдү. Былтыр шаардын таза суу көйгөйүн чечип бердик. Дүйнөлүк жаңы мейкиндиктерди ачкан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу – транзиттик ири долбоор, Ош шаары – бул жолдо тосуп алчу биринчи дарбаза болот", - деди Жапаров.

Бул күнү Оштун борбордук аянтында Өзбекстандан сатып алынган 100 даана автобустар мэрияга тапшырылды. 

21-март Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чаралар Кыргызстандын бардык аймактарында өтүп жатат.