Бөйрөгүн алмаштырган Жаныбек, донор издеген Анара

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 43 жаштагы Жаныбек Калманбетовго бир тууган карындашынын бир бөйрөгү салынды. Акыркы беш жылда аталган ооруканда 44 операция жасалган. Тогуз жылдан бери гемодиализ алган Бишкектин тургуну Анара Раимкулова бөйрөгүн алмаштыруу үчүн донор жана каражат таппай келет. Бишкектеги Кыргыз-Түрк достугу клиникасында быйыл августта бөйрөк трансплантациясы боюнча алгачкы операция жасалып, ушул күнгө чейин үч бейтаптын бөйрөгү алмаштырылган. Операция акырындап жасалып жатканы менен, бөйрөгү иштебей калган кыргызстандыктардын катары калың.