Караколдогу шамал ишкердин убалына калды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

10 сентябрь күнү болгон катуу шамалдын кесепетинен Каракол шаарында болжол менен 43 турак жай зыян тартты. Мындан тышкары Ак-Суу районунда 4 турак жай жана бир күнөскана чыгымга учураган. Күнөскананын ээси 20 млн. сомдон ашык чыгым болгонун билдирүүдө. Гидромед борборунун маалыматына ылайык, ошол куну болгон шамалдын ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жеткен.