Чек арада эне-бала тарткан азап

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек аранын тактала электигине байланыштуу жаңжалдар бат-бат катталып турат. Адатта чек ара чырында эркектер айылда калып, аялдар балдары менен эвакуация болот. Адистер чек ара чырлары өзгөчө аялдардын жана балдардын психологиясына таасир этип, алар стресске кабыларын белгилешет. “Данисте” Баткендин айылдарын кыдырып, убактылуу көчүп-конуп жүргөн үй-бүлөлөрдүн турмушун тартып келди.