«Дарыгердин көп кыялы ишке ашпай калды»

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

27-июлда Ысык-Көл районунун башкы реаниматологу Сарбагыш Иманалиев көз жумду. Ал кыргыз медицинасына өмүрүнүн 35 жылын арнаган, райондогу жандандыруу бөлүмүн түзгөн эң алгачкы медик болгон. Пандемия маалында да реаниматолог вируска чалдыккан оор абалдагы бейтаптарды карап жатып, өз өмүрүн вируска алдырып жиберди. Дарыгердин аркасында үч уул, бир кызы жана жубайы калды.