Доорго из салган Досалиева

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Азаттык" радиосунун журналисти, окумуштуу, педагог, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиеванын «Эфирде мезгил тарыхы» аттуу китеби жарык көрдү. Бул китепти маркум көзү тирүү кезинде даярдап, бирок жарыкка чыгарууга жетишкен эмес. Ошондой эле автордун "Энелер жөнүндө баллада" китеби да маркумду эскерүүлөр менен толукталып, кайра басылып чыкты. Бул эки китептин бет ачаар иш-чарасына белгилүү мамлекеттик, коомдук жана маданий ишмерлер, журналисттик чөйрө жана жакындары катышты.