ЕАЭБ саммити, санкциялардын кесепети

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте Евразия экономикалык биримдигинин саммити өтүүдө. Анда экономикалык өнөктөштөр соода-сатыкты күчөтүп, Орусия туш болгон санкцияларды талкуулады. Кечээ саммит алдында ири форум өтүп, анда экономикалык байланыш эле эмес, идеологиялык маселелер жөнүндө сөз болду.

Батыштын санкциялары күчөгөн учурда өткөн жыйын эмне менен аяктады? ЕАЭБ канчалык өз максаттарына шайкеш иш алып барууда? Бул суроолор "Эксперттер талдайт" программасында талкууланып, ага Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, мурдагы вице-премьер-министр Аалы Карашев, саясат таануучу Эмил Жороев, дипломат Болот Жунусов жана казакстандык саясат таануучу Жумабек Сарабеков катышты.