Екатеринбург: Мигранттын мекенчил уулу

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

26 жаштагы Руслан Каримов Екатеринбург шаарында бала кезден бери жашап келет. Анын атасы Екатеринбургдагы кыргыздардын диаспорасын түптөп, мекендештерине жардам берген активист болчу. Бир кездеги миграцияга кеткен үй-бүлөнүн уулу мекендин барк-баасы туурасында ар дайым ойлонот. Атанын жолун жолдоп, мекендештерин колдогонго үйрөнгөн Руслан Кыргызстанга кайтып келип, өнүгүшүнө салым кошкусу келет.