«Гансиде» уланган жана өчкөн өмүрлөр

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мурдагы "Ганси" аба базасында ачылган 600 кишилик "Семетей" госпиталы толбой турат. Себеби, кээ бир бейтаптар ал жерден дарыланууну каалабай жатышыптыр. Буга чейин госпиталдагы шартка нааразы болуп, ал жердеги абалды видео тасмага тартып Интернетке жарыялаган адамдар көп болгон. Дарыгерлер госпитал андан бери алда канча жакшырганын айтып жатышат.