“Сергек жашоо” подкастында боорду таза сактоо жана гепатитти алдын алуу жолдорун гепатолог-инфекционист Дилшад Мамажанов менен талкуулайбыз.
Оң ыптабыз эмнеге уюп ооруйт?
- Дилшад мырза, саламатсызбы? Биздин студияга кош келипсиз. Мындан туура эки жыл мурда ушул студияда гепатит тууралуу маектештик эле. Өткөндө мен бир маалымат көрүп калдым, 2022-жылдан 2025-жылга чейин гепатиттин оор түрлөрү менен каттоодо тургандардын саны 32 миңден ашыптыр. Сиз күнүнө же айына канча бейтапты кабыл аласыз?
- Мага күнүнө жок дегенде он чакты адам, айына 300дөй адам боор оорусу менен келет. Ар бир адамга жарым сааттан убакыт бөлөм. Гепатитти жаңы жугузуп алгандар же убагында байкабай калып оорусу өнөкөткө айланып кеткендер бар. Дарты өтүшүп циррозго айланып кеткендер да жок эмес. Аларга көбүрөөк убакыт бөлөбүз. Эң өкүнүчтүүсү акыркы кезде гепатиттин D түрүнө чалдыккандар көбөйдү. Бул боорду бат эле иштен чыгарган дарт. Бизде адамдар үйлөнүүгө, балалуу болууга такыр даярданышпайт да. Кош бойлуу кезде же ооруканага жата турган болуп гепатитке кан тапшырганда билип калып келгендер да бар.
Дилшад Мамажанов.
- Гепатит B адеп жукканда сакайып кетүүгө толук мүмкүнчүлүк бар дешет?
- Ал чын. Кээ бир адамдардын иммунитети күрөшүп, вирусту жеңип кеткен учурлар болгон. Жеңе албай калгандардын оорусу өнөкөткө айланып кетет. Тилекке каршы, ошондой учурлар көп катталууда.
- Боордо нерв жок, ооруганы сезилбейт дешет. Бирок оң капталдын уюп оорушу эмнеден кабар берет?
- Боор цирроз болгондо гана оорушу мүмкүн. Ага чейин ооруганы билинбейт. Эгер оң капталыбыз ооруп жатса, өт баштыкчабыз сезгениши мүмкүн. Уйку без же ичеги ооруп жатканда дагы ошондой белги берет. Өт баштыкчасы сезгенгенде анын ичиндеги суюктуктун курамы өзгөрөт. Ал албетте ичегиге терс таасир этет. Ошон үчүн адам алты айда бир ден соолугун текшертип турганы оң. Боордун гепатиттен башка дагы оорулары бар да. Келген бейтаптарга көбүрөөк басууну, кыймылды, тамак-ашты мүнөздөп ичүүнү сунуштайбыз. Анткени бизде, жалпы эле Борбор Азияда куурулган, майлуу, камыр тамакты көп жешет. Ошон үчүн боору, өтү ооругандар көп.
- Кытайдын элдик медицинасында ачуулануу же кайгыруу түздөн түз боорго таасир этет же боордун ооруп жатканы эмоция аркылуу чыгат деп коюшат экен да. Ошол чынбы?
- Азыр боордун аутоиммундук оорулары да көп кездешүүдө. Адам вирустук гепатитти жугузган эмес, арак ичпейт, бирок цирроз пайда болгон. Мурда мунун себебин таба албай баш катырышчу. Дүйнөдө көп изилдөөлөр жүрдү. Көрсө стресс, гормоналдык өзгөрүүлөр аутоиммундук гепатитти пайда кылат экен.
Дагы караңыз "Гепатиттин D түрү күчөп, боорун алмаштыргандар көбөйдү"- Кечиресиз, аутоиммундук гепатит деген эмне?
- Бул биздин иммунитетибиздин адашып калышы. Биздин иммунитетибиз бизди коргошу керек. Бирок гормоналдык өзгөрүү болгондо же катуу стресс алганда ал өзүбүзгө каршы иштеп, терс таасири биринчи боорго тиет. Ошондой учурда биз иммунитетти өзүнө келтирип, тынчтандыра турган дарыларды беребиз.
Же ошол эле вирустук гепатиттерди алалы. Вирустун көлөмү аз эле болушу мүмкүн. Бирок адам өзүндө гепатит бар экенин укканда катуу стресс болот. Ишенбей улам бир лабораторияга чуркайт. Анан убайым чегип, кайгырып жатканда вирустун көлөмү дароо көтөрүлүп кетет. Нервдин чыңалышы, стресс боорго сөзсүз таасир этет.
Эмне үчүн Индия?
- Кыргызстанда боорун алмаштырган 500дөн ашуун адам жашайт тура. Негизи боорду алмаштырганга жеткирбей эле сактап калса болобу?
- Сактаса болот. Азыр бул өтө актуалдуу тема. Бир айдай мурда эле бир бейтапты Индияга жөнөттүм. Биз ал жакка барууну боору иштен чыгып, жарабай калган учурда гана сунуштайбыз. Андай учурда адамдын ичине суу толуп, буттары шишип кетет. Бизде циррозго чалдыккандарды дарылай турган ооруканалар жок. Бирок менин тажрыйбамда андан сакайып кеткен бейтаптар да болгон.
Боорду алмаштыруу бул биринчи гана баскыч. Он күн дарылап, андан кийин операция кылып коюшат. Трансплантация болгондон кийин дагы 20 күн дарылашат. Бирок жаңы боордун денеге көнүп, иштеп кетиши узак процесс. Андай бейтаптар кайтып келгенде биз реабилитация кылабыз. Бул боюнча атайын программа да түзүп чыкканбыз.
Дагы караңыз "Кызым боорун берди". Оор операция болгон бейтаптарТилекке каршы, биздин дарыгерлерге ишенбей, Индияга же Түркияга өз алдынча кетип жаткандар бар. Бул жакшы эмес көрүнүш. Өткөндө бир бейтап Түркияда операция болгон экен. Азыр боору калыбына келбей жатыптыр. Кайсы дарыгер жибергенин сурасам, "өзүм эле баргам" дейт. Түрк дарыгерлери "колубуздан келгенди кылдык" деп коюштуптур. Эгер операцияга чейин кайрылса, боор алмаштыруу программасына ылайык даярдап, дарылайт элек. Операция кылган дарыгерлер менен байланышып турмакпыз. Келгенден кийин ошого жараша реабилитация болмок.
- Кыргызстандын дарыгерлери боорду алмаштыруу операциясын өзү колго алат деген маалымат чыкты го өткөндө?
- Гепатолог катары мен бул органды дарылоону жакшы билем. Индияга ар бир үч ай сайын барып, бейтаптарымдын операциясына катышып турам. Боор алмаштыруу аябай татаал операция. Биринчи кезекте тажрыйбаны талап кылат. Индияда мисалы, бир клиникада күнүнө 20 операция болот. Бизде тажрыйба аз болуп жатат. Эгер андай операцияларды өзүбүз кылсак, көп жагынан утат элек.
- Ал эмнеге биздин бейтаптар боорун алмаштыруу үчүн көбүнчө Индияга барышат?
- Индия боор алмаштыруу хирургиясы боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Өзүңөр билесиңер миллиард калктуу өлкө. Клиникалар ошого жараша көп, атаандаштык күч. Мурда мен деле "студенттери бизде окуп жүрбөйбү" деп анча маани берчү эмесмин. Бирок Индияга биринчи жолу барганда аябай таң калгам. Андай жабдыктар дүйнө жүзүндө аз эле болсо керек. Азыр бат өнүгүп, роботтор менен иштеп жатышат. Америкада турган профессор Индиядагы операцияга онлайн катыша тургандай деңгээлге жетишти. Ыкмалары, тажрыйбасы, технологиясы өтө күчтүү.
"Гепатит D дайыма Вга жармашат"
- Гепатиттин B түрүн айтып калдыңыз. Расмий маалыматта бул дарт менен өткөн жылы 8 миңден ашуун адам каттоого туруптур. Мындан эки жыл мурда бизге берген интервьюңузда "мен үчүн бул дарт коркунучтуу эмес, мен гепатиттин D түрүнөн корком" деп айттыңыз эле. Бирок экөө эриш-аркак жүрөт турбайбы?
- 8 миң дегени бул Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын расмий каттоосунда тургандар гана. Чыныгы сан андан да жогору болушу мүмкүн. Бизде гепатиттин B түрү менен D түрүн айырмалай албагандар арбын. B жукса, кийин Dга айланып кетет деп ойлогондор көп экен. Жок, булар эки башка вирус. Жалпак тил менен айтсак, Bнын организмде уялай турган "үйү" бар. Бул вируска каршы таблеткалар чыккан. Адам аны ичсе дени сак жүрө берет. D болсо "үйү" жок, каңгыган вирус. Биз аны мите деп коебуз. В гепатити барларга тез жугат. Анан бандитке окшоп Вны өлтүрүп, үйүн ээлеп алат. Андай учурда анализден В көрүнбөй калат. D болсо боорду тез талкалайт. Көп таблеткаларды тоготпойт дагы. Ошон D жуккандардын көбү боорун алмаштыруу үчүн Индияга же Түркияга кетип жатышат да.
Дагы караңыз Гепатит жана кургак учук болгон жаштар көбөйгөнү айтылдыГепатиттин D түрүнөн кантип сактануу керек? Адам стоматология же кан менен иштей турган жерге барганда "менде гепатит В бар" деп ачык айтып, "автоклавыңар барбы, шаймандар тазабы?" деп сурашы керек. Анткени бул вирустарды автоклав гана өлтүрөт. Азыр көп жерде сухожар деген аппаратты коюп алышкан. Бирок ал вирусту өлтүрөт деген кепилдик жок. Азыр гепатиттин ушул эки түрүн жугузуп алгандардын 80% аял кишилер. Көрүп жатасыңар да ботекс, сурма жасатышат, маникюр, педикюр салондоруна барышат. Адам вирусту жуктурбайм десе, автоклавы бар клиниканы же салонду тандашы керек. Андан тышкары гепатит Вга каршы вакцина келип жатат. Акысыз сайылат. Коргонуунун эң мыкты жолу ошол.
- Эгер адамда гепатиттин В түрү жок болсо D өз алдынча жукпайт да? Гепатит С болсо дагы жугабы?
- Жок, ошон үчүн гепатит Bга вакцина алып койсоңор, Dдан дагы сактана аласыңар. B жок жерге D дагы кире албайт. С гепатити жуккан кишиге D жукпайт. С түрү бир кезде өтө агрессивдүү гепатит деп саналчу. Дарыланыш үчүн үйүн, машинасын саткандар болгон. Азыр андай эмес, дарысы табылган. Үч ай ичкенден кийин адам жакшы болуп кетет. Андан кийин алты ай сайын текшерилип турушу керек. Негизи адам жыл сайын гепатит бар болсо да, жок болсо да анализ тапшырып турууга тийиш.
- Азыр гепатиттерге дарыны бейтапканадан акысыз эле берет да. Бирок ал дарылар таасир этпей жатат, вирус азайган жок деп даттангандар бар. Дарыгерлер болсо бейтаптар үзүл-кесил ичкени үчүн дары таасир этпей жатат дешет...
- Биздикилер дарыны Индия өлкөсүнөн буюртма кылышат. Алар кандай шартта келет, сапаты кандай ошону билүү керек. Менин байкашымча, бейтапкана берген дарыны көп адамдар мурда эле ичип жүрүшкөн. Кийин айрымдарын Индиядан келген дарыга алмаштырсам, вирустун саны азайып кетип жатат. Кээде Индиянын дарысын тоготпой, бейтапкананын дарысын ичкенде вирус азайып кеткен учурлар бар. Ар бир адамга индивидуалдуу карап, ошого ылайык дарысын тапкан оң. Гепатиттин Вга каршы фенофавир 300, энтекавир, фенофавир алафиномит деген дарылар бар. Ар биринин ичүү схемасы, дозасы ар башка. Ошону вирустун санына карап, бейтапка туура дайындаш керек. Бул аябай кылдаттыкты талап кылат.
Дагы караңыз Мугалимдикке тоскоол болгон оорулар тууралуу долбоор коомдук талкуудан алындыГепатитти дарылоодо климат, жашоо таризи, тамак-аш, психологиялык абал дагы чоң роль ойнойт. Кыргызстанда вирусу түшпөй жаткан адам АКШга барып үч ай жашап келгенде вирусу нөлгө түшүп калганын көргөм. Болбосо ошол эле дарыларды бул жактан ичкен.
- Гепатиттин В түрү агрессивдүү эмес деп жатасыз го. Бирок дарыгерлер D жукпаган күндө да B түрүн алып жүргөн адам акыры цирроз же боордун рак оорусуна чалдыгат дешет экен. Андай бейтаптар да келеби сизге?
- Эми гепатит Внын дагы, Снын дагы агрессивдүү генотиптери кездешет. Бир бейтапта вирустун көлөмү 170-200 миллионго чейин чыгып кетет. Бул вирустун төрөй турган түрү. Экинчи генотиби кыймылсыз болот. Андай учурда боордун АЛТ, АСТ, билрубин тесттери жакшы чыгат. Фиброскан аппараты менен текшерсе, боор өз калыбында иштеп жаткан болот. Бул демек, вирус уктап жатат деген сөз. Мындай учурда бейтапка дары-дармек жазбайбыз. Бооруңду жакшы сакта, туура тамактан, көп кыймылда, таза абага сейилде, жайдары жүр деп гана кеңеш беребиз. Бирок ал адам алты ай сайын анализ тапшырып, догдурга көрүнүп турууга тийиш. Анализдин жыйынтыктарын салыштырып, боор вирус менен кантип күрөшүп жатканына байкоо салабыз. Вирус кайсы учурда агрессивдүү абалга өтөт? Туура эмес тамактанып семирип кетсек, ичимдик ичсек боор кыйналып, вирус менен күрөшө албай калат.
Гепатоз кантип пайда болот?
- Боорду май басып кеткенде гепатоз деген диагноз коюшат тура. Дарыланбаса ал деле оор кесепеттерге алып келет дешет?
- Боордо өзү май болот. Гепатозду бизде май деп түшүнгөн стереотип бар. Бирок ал май эмес, ал токсин. Борбор Азияда жашаган элдердин тамак-ашы өтө калориялуу да. Нансыз жашай албайбыз, таттуу, майлуу азыктарга жакынбыз. Буларды тез сиңүүчү углеводдор, боорго түшкөндөн кийин кайра чыгышы аябай кыйын. Майлуу тамакты жегенде холестерин көбөйөт. Ошонун баары боорго топтолуп калат. Анан курсак чыгат. Май гепатозу - бул диагноз.
Дагы караңыз "Отуздагы жигиттин курсагы чыгып, элүүдөгү кишидей көрүнөт"Бизде Nova Clinic'те фиброскан аппараты бар. Ага түшкөндө гепатоздун дагы, фиброздун дагы стадиясын билип берет. Дарыгер ошого жараша диета кармоону же дары ичүүнү сунуштайт. Азыр айрымдар арыктоо үчүн беш күнгө чейин ачка болуп, диета кармашат экен. Бирок гепатозу бар кишиге андай диета сунушталбайт. Анткени тамак же суюктук ичпесек мээ боорго буйрук бербейт, демек, өт суюктугу да бөлүнүп чыкпайт. Анан өт коюуланып, таш пайда болот. Ич катып, ичегилер ооруйт.
Жөнөкөй сөз менен айтсак, боор - канды тазалап турчу чыпка. Эгер боор жакшы иштебесе, кан кандай келсе ошондой денеге тарайт. Анан териге ар кандай жара, полиптер чыга баштайт. Эмнеге сарык болгондо денебиз саргарып кетет же цирроздо караят? Бул боор иштебей жатат деген белги.
- Майлуу тамакты көп жегенде өттө таш пайда болот тура. Негизи гепатити бар адам өтүндө таш пайда болсо, алдырыш керекпи? Боорго күч келбейби анда?
- Бизде өттү пайдасыз орган катары караган стереотип бар. Бирок өт көп милдетти аткарат. Өнөкөт холецистит деген бар. Бул өттүн сезгениши. Калькулездук холецистит деген өттө таш бар деген сөз. Эгер приступ берип, ооруп жатса анда ташты алдырууга туура келет. Анткени таш ошол өт тама турган түтүктөрдү бүтөп калат. Бир суткада биздин боорубуз жарым литрдей өт чыгарыш керек. Таш бүтөгөн кезде суюктук чыкпай калат да боорубуз шишип кетет.
Эгер өнөкөт холецистит бар, бирок таш жок болсо өттү алдырыштын кажети жок. Аны дарылаш керек. Баштыкчанын ичинде өт өзү тазаланат да ичегиге тамат. Андан ичегибиз пайдалуу заттарды өзүнө сиңирип алат. Өт жок болгондо боордогу суюктук түз ичегиге түшөт. Тазаланбайт, кандай болсо ошондой чыгат. Анан ревматоиддик артрит өңдүү оорулар кармап, муундар ооруй баштайт.
Негизи оорубаса, ташы жылбаса 80-90го чейин жашап жүрө берсе болот. Бирок бул чанда кездешет. Бөйрөктүн ташын майдалап чыгарса болот. Азыр өтүңөрдү албайбыз, ташыңарды алып коебуз деген ыкмалар чыгыптыр. Бирок бул убактылуу нерсе. Анткени таш турган жерде анын изи калат. Эки-үч жылдан кийин кайра эле таш пайда болушу мүмкүн. Адегенде кум топтолот, анан ташка айланат. Эгер ошондой болуп жатса, анда өттүн курамын өзгөртүү керек. Мен көп бейтаптарга өттү айдабагыла, курамын өзгөрткүлө дейм.
- Алкоголдук гепатоз деген да бар турбайбы?
- Алкоголдук гепатит деген бар. Аны уулуу гепатит деп коебуз. Аракты, дары-дармекти көп ичкенде пайда болот. Алкоголдо калория көп да. Аны күйдүрбөсөк, ичип жата берсек семире баштайбыз. Ал май гепатозуна алып келет. Ошон үчүн гепатоздун себебин туура аныкташ керек. Азыр энергетиктер, газдалган суусундуктар көп. Аны көп ичип алышып дагы гепатоз болуп жатышат. Мага күнүнө ондой адам келсе, анын төртөө гепатоз. Мен аларга диета кармагыла деп айтам, дарысын жазып берем. Таттууну көп жебегиле дейм. Анткени таттуу - бул глюкоза. Глюкоза болсо мээге керектүү энергия берет. Ал эми энергия ашыкча болсо, эч жакка сарпталбаса майга айланат.
Дагы караңыз Исмаилов: Боор жакшы иштебесе өт дагы жабыркайт- Абадан, кир суудан жуккан сарык бар го. Бала кезинде аны менен ооругандар да диета кармап, арак ичпей жүрүшү керекпи?
- А жана Е бул кан аркылуу жукпайт. Аба же суу аркылуу жугат. 90% учурда 14 жашка чейинки балдар ооруйт. Ооругандын да түрү бар. Кээ бири сасык тумоого окшоп өтүп кетет. Боор өзүн өзү реабилитация кылат да. Дене кичине саргайышы мүмкүн. Оор түрүнө чалдыкканда билрубин, АЛТ, АСТ дегендер аябай көтөрүлүп, жатып калышат. Ошентип ооругандар боорун сактап жүрүшү керек. Гепатит Аны Боткин деп коюшат да. Боткин деген окумуштуу тапкан. Көп адамдар аны гепатит В деп ойлоп, чаташтырып алышат экен.
- АЛТ, АСТ, билрубин тесттери боордо кандайдыр бир шишик пайда болсо да көрсөтө алабы?
- Бул анализдерди гепатитке чалдыккандар дайыма тапшырып турат. Боор ооруп жатабы же сообу, ошону көрсөтөт. АЛТ, АСТ нормада болсо, анда бооруңар жакшы. Залалдуу шишикке чалдыкканда, ичимдик ичкенде же гепатит күчөп кеткенде булар дароо көтөрүлөт. Өтө сезимтал тест деп коебуз, боордун бир-эки клеткасы өлүп калса да көтөрүлөт. Жүрөк ооруларына чалдыкканда да көтөрүлөт. Спортчуларда да көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Анткени булчуңдар кээде жаракат алат да. Бул анализди дарыгер эле карап билбесе, жөнөкөй адамдар чечмелей албайт.
- Кыргызстанда гепатологдор аз турбайбы. Бирок гепатит менен ооругандар көбөйүп жатканы айтылып келет. Жогоруда бир эле оорунун ар кандай генотиптери болорун айтып жатасыз. Демек, бизге гепатиттерди, боор ооруларын изилдеген институт керек тура?
- Мурда гепатит менен ооругандарды терапевттер менен гастроэнтерологдор дарылап келишкен. Биз инфекциялык жугуштуу оорулар ооруканасында ординатурадан өткөнбүз. Анткени бул инфекция менен байланыштуу дарт. Кийин мен боор менен алектенип, гепатологияга ооп кеттим. Башка инфекцияларды деле дарылайм, бирок негизги багытым ушул. Мамлекет Гепатология борборун түзсө, бизге да жакшы болмок. Ошол жерде гепатитти дарылоо протоколдорун иштеп чыгып, оорунун генотиптерин изилдейт элек. Бирок мактанып кетейин, Индия боор алмаштырууда алдыда болгону менен биздей дарылай албайт. Орусияда да гепатитти дарылоого анчейин көңүл бурушпайт, D түрү жугуп циррозго айланып кетсе, "бооруңду алмаштыр" деп жиберип коет.
Дилшад Мамажанов менен маекти толук аудиодон уксаңыз болот.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Гепатиттин эң жаман түрлөрү бизде"
Эң жаман гепатиттер бул Борбор Азияда, анын ичинен Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстанда. Индияга боорун алмаштыруу үчүн ушул үч өлкөнүн адамдары көп барат.
Мен Казакстанга да, Өзбекстанга да барып турам, бейтаптарга жолугуп, консультация берем. Биздин Кыргызстанда гепатология, гепатитти дарылоо боюнча тажрыйба көп деп ойлойм.
Бизде азыр Гепатологдордун уюму бар. Мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулса, балким гепатит В деле азайып кетмек. Аны менен ооругандар канчалык көп болсо, ошончо тез жайылат. Ошон үчүн аны көзөмөлгө алыш керек.
- Бизде 2000-жылдан баштап балдар гепатит Вга каршы эмделе баштаган да. Аларда иммунитет өмүр бою калабы же кийин кайсы бир маалда эмдөөнү кайталап коюш керекпи?
- Негизи иммуноглобулинди ымыркайга төрөтканадан салат. Анан бир жарым айга, эки жарым айга, беш айга толгондо алат. Китепте ошол иммунитет өмүр бою жетери жазылган. Бирок он жылда бир эмдөөнү кайталап койсоңуз, эч зыяны жок. Бизде көп адамдар баласын да эмдетпейт да. Вакцина бергенден кийин сөзсүз дене табы көтөрүлөт, бала ыйлайт. Анткени организмге башка зат кирип жатпайбы. Ошону көп ата-эне каалабайт. Айрымдары балам оорукчан болуп калат деп коркушат. Бирок андай эмес. Дүйнөдөгү эң коопсуз вакцина ушул гепатит Вныкы.
Дагы караңыз Гепатиттин В түрүнө каршы акысыз эмдөө жүрүп жататГепатиттин көбөйүп жатышына коомдогу стигма да себеп болуп жатат. Ошон үчүн көбү ооруганын жашырып жүрө берет. Тиш догдурга барса да, башкага барса да айтпайт. Бул эми уяла турган оору эмес. ВИЧке окшоп жыныстык жол менен жугуу ыктымалдыгы өтө төмөн. Эгер жыныс органында жараат болсо, балким жугушу мүмкүн. Гепатит негизинен кан аркылуу жугат. Андыктан ооруган адамды кодулап, басмырлоого жол берилбеши керек.