Өкмөт 2022-жылдан бери гепатиттин В түрүнөн сактаган вакцинаны акысыз кылган. Бирок эмдөөдөн баш тартуу учурлары дартты жеңүүгө тоскоолдук жаратууда. Адистер сарыктын оор түрлөрү жуккан адам өз убагында дарыланбаса, боордун рагына кабылып же цирроз болорун, бул трансплантация же өлүм менен аяктарын эскертишет.
"Мээримдүү жаналгыч"
"Беш-алты жыл мурда Бишкектеги Улуттук кардиология борборуна жатып калдым. Ошол жерден кан тапшырсам, “сизде гепатит В бар экен” дешти. Ага чейин айылдан тиш жулдурган элем, ошол жактан жукса керек. Жубайым текшерилсе таза чыкты. Андан кийин аны жана балдарымды гепатитке каршы эмдешти. Башында кымбат дарыларды ичтим. Вирустун көлөмү азайганда дарыны токтотуп, диета жазышты. Азыр алты ай сайын кан тапшырам. Анализ кымбат, 3 миң сомдөн ашат", - дейт Турар (аты өзгөртүлдү) аттуу каарманыбыз.
Дагы караңыз
"Гепатиттин D түрү күчөп, боорун алмаштыргандар көбөйдү"Бишкектин тургуну Нурипа Анаркуловадан дагы бир канча жыл мурда гепатиттин В жана D түрү табылган. Диета кармап, дары ичип жүргөнү менен абалы кыска убакытта кескин начарлап, боорун алмаштырууга аргасыз болгон.
"Көпчүлүк бейтаптар гепатит жукканын байкабай калат экен. Мен өзүм саргайып кеткем. Башында жакшы эле жүргөм, вирустун көлөмү аз болчу. Кыска убакта эле кескин көбөйүп кетти. Фиброскан аппаратынан өтсөм, боордун 75% жабыркаптыр. Анан боорумду алмаштырууга туура келди. 2025-жылы Түркияга караганда арзан деп Индияга баргам. Бул жактан дарылоо пакети 23 миң доллар болот деп сүйлөшкөнбүз. Баргандан кийин 35 миң долларга чыгып кетти. Операцияга бир жума даярдашты. Күнүнө 2 миң доллардан төлөп жаттым. Операция бүткөндө "дагы бир күн байкайбыз" деп ооруканада алып калышты, ага дагы 2 миң доллар төлөдүм. Мамлекет Индия менен сүйлөшүп, бейтап бул жактан эле операцияга даярдаса болмок. Барганда дароо операцияга кирип кетмек. Болбосо, жаткан батириң кымбат. Биз берген акчадан ортомчу, тилмечтерге да алышат окшойт. Ошентип отуруп эле бул жактан сүйлөшүлгөн суммадан көп төлөп каласың".
Индияга барган бейтаптар
Медицинада гепатитти "мээримдүү жаналгыч" аташат. Адатта боор ооруганда белги бербейт. Айрым бейтаптар байкабай жүрө берип, цирроз болгондо же боор рагына чалдыкканда гана догдурга кайрылат. Мындай учурда боорду алмаштыруудан башка арга жок.
Саламаттык сактоо министрлигинин жыл башында берген маалыматына таянсак, Кыргызстанда боорун алмаштырган 500дөн ашуун адам жашайт. Адатта көпчүлүк бейтаптар боорун алмаштыруу үчүн Түркияга же Индияга барышат.
Дагы караңыз
"Кызым боорун берди". Оор операция болгон бейтаптарКыргызстанда боорду алмаштыруу операциясы соңку жылдары гана колго алына баштады.
Нурипа Анаркулова азыр 200дөн ашуун мүчөсү бар "Трансплантациядан кийинки жашоо" аттуу бейтаптар уюмун жетектейт. Ал боорду алмаштыруу менен эле маселе чечилбесин, операция болгон бейтаптарга бир катар жеңилдиктер керектигин белгиледи.
"Боордун организмге жалгашып кетишине убакыт керек. Ошону билиш үчүн алты айга чейин ар жума сайын 17 анализ тапшырасың. Мисалы, такролимус анализинин баасы 2 миң сомдон жогору. Аны жеке лабораторияларда гана тапшырасың. Бизге Бонецкий лабораториясы 40% арзандатуу берген. Калгандарында андай жеңилдик жок. Ошол анализди мамлекет акысыз кылса жакшы болмок. Такролимус - орган алмаштырган адамга өтө керектүү анализ, дарыны ошого жараша беришет. Дарыны болсо бөйрөгүн алмаштыргандар менен чогуу бир жерден алабыз. Бизге өзүнчө гепатолог дарыгер бөлүп беришсе, анализдеги өзгөрүүлөрдү сурайт элек. Бөйрөктү дарылаган врач боорго байланыштуу суроолордун баарына жооп бере албайт экен".
Дарыгерлер Кыргызстанда 25 жылдай мурда сарыктын С түрү жайылып, дарылануу үчүн үй-жайын саткан учурлар болгонун эскеришет. Азыр С вирусуна каршы дарылар бар, аларды өз маалында ичип, айыгып кеткендер арбын. Учурда медицинанын баш оорусу - сарыктын D түрү болууда.
Дилшад Мамажанов
Гепатолог Дилшад Мамажанов быйыл март айында "Азаттыкка" курган маегинде бул дельта вирус (HDV) адамга организмде В вирусу болгон учурда гана жугарын түшүндүргөн.
"Бизде гепатиттин B түрү менен D түрүн айырмалай албагандар арбын. "B жукса, кийин Dга айланып кетет" деп ойлогондор көп экен. Жок, булар эки башка вирус. Жалпак тил менен айтсак, Bнын организмде уялай турган "үйү" бар. Бул вируска каршы таблеткалар чыккан, адам аны ичсе дени сак жүрө берет. D болсо "үйү" жок, каңгыган вирус. Биз аны мите деп коёбуз. В гепатити барларга тез жугат. Анан бандитке окшоп Вны өлтүрүп, үйүн ээлеп алат. Андай учурда анализден В көрүнбөй калат. D болсо боорду тез талкалайт, көп таблеткаларды тоготпойт дагы. Эгер гепатит Вга вакцина алып койсоңор, Dдан дагы сактана аласыңар. B жок жерге D дагы кире албайт. Ал эми С гепатитин алып жүргөн кишиге D жукпайт".
Дагы караңыз
"Гепатит D бандиттей, дарыны көп тоготпойт". Боор оорулары күч алдыбы?Дарыгер сарыктын бир канча түрү барын, гепатиттин оор түрлөрү кан аркылуу гана жугарын белгилеген.
"А жана Е бул кан аркылуу жукпайт. Аба же суу аркылуу жугат. 90% учурда 14 жашка чейинки балдар ооруйт. Ооругандын да түрү бар. Кээ бири сасык тумоого окшоп өтүп кетет. Боор өзүн өзү реабилитация кылат да. Дене кичине саргайышы мүмкүн. Оор түрүнө чалдыкканда билрубин, АЛТ, АСТ дегендер аябай көтөрүлүп, жатып калышат. Ошентип ооругандар боорун сактап жүрүшү керек. Сарыктын А түрүн медицинада Боткин деп коюшат да. Боткин деген окумуштуу тапкан. Көп адамдар аны гепатит В менен чаташтырып алышат. В түрү табылганда бала кезде Боткин болгон деп жүрө бергендер да жок эмес", - деген Мамажанов.
Эмдөө эмне үчүн маанилүү?
Кыргызстанда 18 жаштан жогоруларды акысыз эмдөө өнөктүгү 2022-жылдан тарта башталган. Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана ВИЧти көзөмөлдөө борборунун маалыматында, бул аралыкта 1 миллиондон ашуун адам эмдөө алган.
Аталган борбордун жетекчиси Үмүткан Чокморова вирустук гепатиттерди аныктоо жана эмдөө иштери жергиликтүү бийликтер менен чогуу жүрүп жатканын айтууда. Андан тышкары аймактарда сарыктын оор түрлөрүн жана ВИЧти аныктаган мобилдик клиникалар дагы иштеп жатат.
Үмүткан Чокморова
"2022-жылы 15-февралда пилоттук долбоор катары чоң адамдарды гепатит Вга каршы эмдей баштаган элек. Быйылкы жылдан тарта жергиликтүү бийликтер менен сүйлөшүп, жамааттык эмдөөнү жүргүзүп жатабыз. Бул оң жыйынтык берди. Айталы, май айында өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 32 миң адамды көбүрөөк эмдедик. Үчүнчү дозаны 16 миңден көбүрөөк адам алды. Азыр ар бир облуста мобилдик клиникалар иштеп жатат. Анда гепатит В, С жана ВИЧти аныктоо үчүн экспресс-тесттер жасалат. Алар аркылуу 6100 адамдан гепатит Вны, 1600 адамдан гепатит Сны аныктай алдык. Экспресс-тесттер вирус бар деп көрсөткөндөн кийин, ооруну ырастоо үчүн кандан анализ алынат".
Расмий маалыматка таянсак, Кыргызстанда 2026-жылдын алты айында гепатиттин В түрүнө 235 миңден ашуун, С түрүнө 234 миңден ашуун, ал эми D түрүнө 20 миңден ашуун адам текшерүүдөн өткөн.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) 2030-жылга чейин вирустук гепатиттерди жок кылуу планын койгонун, Кыргызстан аны колдой турганын айтты:
"Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2030-жылга чейин вирустук гепатиттерди жеңүү максатын койгон. Кыргызстан бул демилгени колдоп, иш алып барууда. Мамлекет 2022-жылдан тарта жарандарды экспресс-тест, вакцина менен камсыздап, бекер дарылап келет. Акысыз текшерүү башталгандан бери гепатиттин В түрүнө 1 млн 454 миң адам текшерүүдөн өттү. Бул аракеттер дарылоону өз убагында баштоого өбөлгө болот".
Министрдин орун басарынын маалыматында, ушу тапта Кыргызстанда вирустук гепатитке чалдыккан 41227 адам диспансердик каттоого алынган. Аларга мамлекет дарыларды акысыз берет.
Өлкөдө 2001-жылдан тарта ымыркайларды гепатиттин В түрүнө каршы эмдөө жүрүп келет. Вакцина бала төрөлгөндөн кийин 24 сааттын ичинде сайылып, бир жашка чейин үч доза алат.
Гүлбара Ишенапысова алдын алуу чарасы өз жемишин берип, азыркы тапта 25 жашка чейинки жаштар арасында гепатиттин В түрү сейрек кездешерин кошумчалады.
Гүлбара Ишенапысова.
"2026-2030-жылдарга карата ВИЧ-инфекциясы жана гемоконтакттык вирустук гепатиттерге каршы аракеттенүү программасын кабыл алынган. Ага ооруну алдын алуу, диагностика, эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана калкты маалымдар кылуу иш-чаралары камтылган. Саламаттык сактоо министрлиги донорлордун колдоосу менен 2024-жылы демилге көтөрүп, улуттук серопреваленттик изилдөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы 2026-жылы февраль айында чыкты. Азыр ошол маалыматтар менен бөлүшүп жатабыз. Бизден ал изилдөөгө сегиз адам катышкан. Изилдөөнүн жыйынтыгы өлкөдө гепатиттин В түрүнүн жайылышы 3%, С түрүнүкү 1% түзөрүн көрсөттү. Балдар арасында вирустук гепатиттердин жайылышы боюнча БУУнун жардамы менен 2022-жылы да изилдөө жүргүзгөнбүз. Анын жыйынтыгы эмдөө натыйжа бергенин көрсөтүп жатат. Азыркы кезде 23 жашка чейинки балдар арасында гепатит В дээрлик кездешпейт. Бизге бул дарт жугуп, кайрылгандар негизинен 35-65 жаштагы адамдар болууда".
- ДССУнун маалыматында, дүйнөдө гепатиттин В жана С түрүн 287 миллиондой адам алып жүрөт. 2024-жылы сарыктын В жана С түрүнөн 1,3 миллион адам өлгөн.
- Уюмдун белгилешинче, гепатит В жуккан адамдардын 4,3 пайызы гана дарыланган. Ал эми гепатит Сны толук айыктырган терапиядан бейтаптардын 20% гана өткөн. ДССУ тестирлөө программасы дүйнө коомчулугуна толук жайылмайынча, 2030-жылы вирустук гепатиттердин айынан өлгөн учурларды 65 пайызга азайтуу кыйын экенин белгилеген.
- Дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда жыл сайын 28-июлда вирустук гепатитке каршы күрөшүү эл аралык күнү белгиленет. Бул дата Нобел сыйлыгын лауреаты, окумуштуу Барух Бламбергдин туулган күнү. Ал гепатит Вны биринчи болуп ачып, вирусту аныктаган тестти жана вакцинаны иштеп чыккан.