Берлин: Кыргыздар топ тээп топтолушту

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

30-майда Германиядагы кыргызстандыктар Берлинде чогулуп, Элчинин кубогу үчүн ат салышты. Бешинчи ирет өткөн мелдешке Берлинден тышкары Гамбург, Мюнхен, Эссен, Франкфурт, Бонн аймактарынан жана кошуна Прагадан барган футболчулар катышты. 1-орунду прагалык оюнчулар багындырса, кийинки эки орунду Гамбург жана Берлин командалары бөлүп алышты. Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды элчи Болот Отунбаев тапшырды. Мелдеш соңунда Германиядагы кыргыздар аш үстүндө маектешип, “Бир тууганчик” тасмасын көрүштү.