Тозок, кароол, шишкебек

Эски анекдоттордун жаңы жамынчысы окурманды эриктирбесе керек.
* * * * *

Тозокто да элек бар
(Тозок казанынын четиндеги кымгуут учур тууралуу азил)

Бир күнү тозокко комиссия келиптир.
Үч чоң казан турат, тозокко түшкөндөр анда шакардай кайнап жатат дейт.

- Муногу биринчи казанды эмнеге катуу кайтарып атасыңар? – деп комиссия мүчөсү шайтандардын биринен сурайт.
- Аларды антпесек болбойт. Алар коммунисттер менен атеисттер. Бири-бирин жөлөп-таяп улам көтөрүлүшкө чыгып жатышат. Эсибизди ошолор эки кылууда. Тозокко ишенбей да коюшту, алдамчысыңар деп.
- Тиги экинчи казанды да олуттуу кайтарат экенсиңер.
- Анда Кыргызстандагы эски бийликтин мыкчегерлери. Көзүбүздүн жаздымында калса эле, улам бир шайтанды астыртан паралап, казандан ойт берип чыга кача жаздап атышат.
- Шайтан да пара алабы?
- Ошон үчүн шайтан да.
- Ал эми үчүнчү казаныңар ээси жок калган го?
- Ал казандын жарасы жеңил. Анда кыргызстандык реформаторлор бар. Бири кутулууга жол тапса, калгандары анын бутуна жармашып, кайра ылдый тартып казан түбүндөгү кайнак сууга түшүрүп салып атышат.

* * * * *

Шишкебектин көмүрү уурдалганда
(Тезек терүү чакырыгы маалындагы анекдоттордон)

Бир күнү океңдин лөктөрү Владыкең менен Димикең аңкүр-мүңкүрдөн кишилерди тозокко өткөрүп алгандардын ролун аткарып калышыптыр.
Анан алар кыкеңдердин лөгү Кукеңди шишкебек кылып отко кактай башташат экен.
Жаш эмеспи, оболу Димикең от менен алпурушат.
Анан ал татымал издеп сыртка кетет да, Владыкең шишкебекти ары-бери оодарып калыптыр.
Димикең кайра келип чочуп кетет:

- Ой, эмнеге эле тез-тез оодарып жатасыз, кудай жалгагыр?
- А-ай, антпей жай оодарсам тигиниң көмүрдү уурдай калып атпайбы!

* * * * *

Рекламага азгырылып...
(Чала молдолор чыгарган азилдерден)

Бир күнү кыкеңдердин шылуундарынын бири аңкүр-мүңкүргө кабылыптыр дейт.
Деле гой, беркилерди каадалана далыга таптап сураптыр:
- Мен бейишке эле кетет болушум керек. Ага бир башпагып көрсөм болобу?
- Эмнеге болбосун, болот!

Караса, бейиштегилер көктү карап ойлонуп ары-бери басып, улам-улам диний жөрөлгөсүн жасап, бейиш багындагы көз жоосун алган алмадан жаа бою качып жүрүшөт дейт. Негедир, киши зерикчүдөй жай көрүнөт.
- А берки... тозок жагын да кирбей туруп көз чаптырсам кантет?
- Албетте, ал жакка деле башпаксаң болот. Бизде деле тандоо бар.

Кудуңдап барып тозок четине башпакса, ыр-күү, бийчилер, музыканттар, дасторкондо дүр-дүйүм тамак, ар кыл шарап, каткырык-күлкү, шаңдуу маанай.
- Ой-иий, мен кээде туура эмес иштерди жасай коюп жүрчү элем. Мырзалар, мени тозокко эле жиберсеңиздер, байболгурлар!
- Болуптур. Тандадың.

Түз эле аны тозок казанындагы кайнак сууга ыргытышат.
- Опе-эй, а жанагыларыңар кана! – деп ачуу кыйкырууга үлгүрөт.
- Ал көрүнүш тек гана тозоктун рекламасы болчу. Ха-ха-ха!

(Башка азилдер)
* * * * *
TCh.