Сиздин IQ кандай?

Бакиев президент кезинде ошол учурдагы президент Путинден кадр тандоо жаатында сабак алган имиш.
Бакиев Кремлге келип, Путин менен жолугат да, “кантип мыкты кадрларды чогултуп алгансыз?” деп сурайт.

- Анын жарасы жеңил, мен кызматка алаарда алардын ай-кюсун (интеллектуалдык деңгээлинин көрсөткүчүн - intelligence quotient, IQ) текшерем.
- Байболгур, менин көзүмчө бир ирет ошентиң?
- Болуптур.
Путин дароо министр Шойгу мырзаны кабинетине чакырат да, андан сурайт:
- Сиздин бажаларыңыз эмес, бирок кайнатаңыздын башка бир күйөө баласы бар. Ал ким?
- Албетте, менмин!
- Азаматсың. Барып ишиңди уланта бер.
Бакиев кайтып келип, Бишкектеги Ак Үйгө бардык министрлерди чогултат.
Алардын ай-кюсун текшерейин десе, алиги суроого эч ким жооп узата албай койот.
Бакиевдин каарына калган аткаминерлердин бири Кремлге чейин чыгып, Путинге ким киргенин тактап, Шойгуга да чыгат.
Эртеси ал Бакиевге каадалуу үн менен:
- Салиевич, мен жоопту таптым.
- Болуптур, анда айтчы, сенин бажаларың эмес, бирок кайнатаңдын башка бир күйөө баласы бар. Ал ким?
- Ал деген менмин.
- Атаңдын как чокусу. Ал деген Шойгу да!

* * * * *