Облустук театр имаратка муктаж

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры жакын арада Георгий Хугаевдин «Кара чапан» спектаклин коюуга кам көрүп жатышат. Театрдын өз имараты болбогондуктан, чыгармачыл жамаат Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын бир бөлмөсүндө иштеп келишет. Сахна бошобой калган күндөрү башка театрдын сахнасында чыгармаларын тартуулап турушат.