Букарлык сопунун күмбөзү

Али Ажынын күмбөзү. XV кылымда Мумбайда жашап өткөн бухарлык чоң соодагер, көр оокаттан баш тартып, асасы жок думана болуп кеткен Али Ажы Бухаринин арбагына багышталып курулган. Атайын бекемделген жол курулганга чейин, деңиздин суусу көтөрүлгөндө күмбөз турган жер аралга айланып калчу.

Күмбөзгө бараткан жолдо турган кыз. Саякат китептерде «мечит» деп айтылган менен бул жерде Али ажынын сөөгү коюлган күмбөз. Али ажы Мекеге баратканда каза таап, өзү көзү тирүүсүндө каалагандай, сөөгүн Араб деңизине ташташат. Табытын суу агызып отуруп, Мумбайдын ушул таштак жээгине сүрүп салган имиш.

Комплекстин кире беришиде турган индус аял. Бул күмбөзгө кылымдардан бери мусулмандар гана эмес, индустар жана башка диндин жолдоочулары да келип, Али ажынын арбагынан жакшылык тилеген жай болуп саналат. Бирок былтыр ажынын сөөгү коюлган бөлмөгө аялдардын киришине тыюу салынды.

Мечитке келген аксакал. Аялдардын киришине Мумбайдагы башка алты суфи жайлар да тыюу салды. Бул чараны динаятчылар шарият менен түшүндүрүштү. Коомчулукта муну аялдар таасирлүү роль ойногон суфизмдин түп негиз канондоруна жана аялдардын Индия коомундагы теңдигине каршы кадам катары сынга алышты.

Аялдар үчүн бөлүнгөн тараптын кире беришин эркек кайтарып отурат. Солдогу өйдө жактагы жазууда «Аялдарга гана уруксат» деген жазуу илинип турат. Төрдөгү сөрөдө аялдар дем алып отурушат. Күмбөзгө ушул тарабынан ачылган эшиктен кирип, сөөк турган бөлмөнү айнеги жок терезеден карап турсаңыз, ичкериде турган күмбөздүн кызматкери бир тутам шыбакты табыттын алдындагы сууга малып, башыңызга чачат. Ушул эле жерде аялдар жерде тилек тилеп отурушат.

Арткы планда күмбөздөгү курулуш иштеринен көрүнүш. Күмбөздү кайра курууга каражат мамлекет тарабынан бөлүнөт.

Күмбөздүн кире бериши. Ичкери кирген эркектер Али ажынын сөөгү турган табыттын жабуусуна кол тийгизип, таазим кылышат. Айрымдар гүлдесте беришет. Атайын көзөнөгү бар үкөкчөгө акча таштасаңыз болот. Бетинде «Садаганы ар кимге бербей, ушул үкөккө салыңыз, алдамчылар бар» деген жазуу жазылган.

Оңдо өйдөдө дубалдын бетинде Viza, Master Card өңдөнгөн кредиттик карталардын сүрөттөрү. Садаганы бүгүнкү заманда банк картасы менен да төлөй аласыз!

Бала таза суу аккан чоргодон суу ичип жатат. Индияда таза суунун тартыштыгынан туристтерге пластик шишеден гана суу ичүүгө кеңеш беришет.

Күмбөзгө кире бериште чечилген бут кийимдер. Бут киймиңизди ушул жерде турган киши тизип, карап турат. Кааласаңыз тыйын бересиз. Дубалда «бут кимди караган киши акча сураса, күмбөздүн жетекчилигине билдириңиз» деген жазуу илинип турат. Ага карабастан бул киши кабарчыдан «бакшиш» сурады.

Азык саткан соодагер. Тамак-ашын картон табакка салып берет. Жыйнаганда табактарды күмбөздүн сыртына сууга ыргытып салат.

Күмбөзгө бараткан жолдогу таразачы кыз иниси менен. Бул жол менен күнүгө миндеген, ал эми бейшемби, жума күндөрү кырк миң чакты киши өтөт. Жол боюнда күнгө күйүп, дүмүрдөй капкара болгон мунжулар жерде «алла, аллалап» хор менен ырдап жатышат. Эти кетип, сөөгү калган чалдар, куйкалаган ысыкта чүкөдөй болгон баласын бир байлам жоолукка ороп алган аялдар кайыр сурап отурушат. Жүрөгү оорулуу адамдар бул жол менен баспай эле койгону жакшы.

Күмбөзгө бараткан жолдогу базар. Диний жайлар адатта акча табуунун маанилүү булагы болуп саналат. Бул жолдун өзгөчөлүгү -  жака-белинде таштандынын көптүгү көңүл айнытат.

Күмбөзгө баруучу жолдогу гүл саткан соодагер

Базардагы роза гүлү