Канкорлор кармалбаган беш жыл (1)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мындан туура беш жыл мурда Бакиевдин бийлигинин огу 86 азаматтын өмүрүн кыйган. Кандуу апрелде каза болгондорду эскерип жатып, алардын мүдөөсү аткарылдыбы деген суроого жооп издөөгө туура келет. Ыңкылаптын себеп-натыйжалары, созулган апрель соту, мекенинен безген канкор Бакиевдер жана баркы кеткен “Апрель Баатырлары” тууралуу “Ыңгайсыз суроолор”телепрограммасы атайын иликтөө жасады.