Иштерман мигранттардын коомдогу орду кандай?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
2025-жылы чет жактарда жашаган мигранттар Кыргызстанга которгон акча 3,5 миллиард доллардан ашып, жаңы рекорддук чекке жеткени расмий кабарланды. Ар башка мамлекеттерде диаспораларды уюштуруп, кыргыз тилин, маданиятын жайылтууга салым кошуп келаткан журтташтар коомду өзгөртүүгө кандай салым кошуп жатышат? Талкууга көп жылдардан бери чет жактарда жашап, коомдук иштерге активдүү аралашып келаткан Айбек Сарыгул (Түркия), Махабат Садырбек (Германия) жана Бакыт Абдишов (АКШ) катышты.