Жалал-Абадда майрамды балкондо белгилешти

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абад шаарында жеңиш майрамы көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда белгиленди. Согушка катышкан аталарынын сүрөттөрүн жана желектерди көтөргөн шаардыктар балкондордо өлбөс полк акциясына катышты. Мындан сырткары шаар көчөлөрүндө жеңиш ырлары жаңырды.