Жаңылыктар | 23.09.2021 | Таалатбек Масадыков "Талибандын" министри менен жолукту
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
- Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков "Талибан" уюму түзгөн ооган өкмөтүнүн өкүлү менен жолукту. Азырынча жолугушууда эмне маселе талкууланганы айтыла элек.
- Мамлекеттик бажы кызматы Кытайга чыгарылган алтын концентраты мыйзамдуу жол менен кеткенин маалымдады. Депутат 17 фура концентрант аткезчилик жол менен чыгарылып кеткенин айтып чыккан эле.
- 23-сентябрда Кыргызстанда мамлекеттик тил күнү белгиленди. Өлкөдө иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүүнүн деңгээлин аныктоочу автоматтык система киргени турат.