Токио-2020: дээрлик бош стадиондогу ачылыш аземи

Кыргызстан курама командасынын мүчөсү, суучул Денис Петрашов олимпиаданын ачылуу аземинде Кыргызстандын желегин көтөрүп бара жатат.

Олимп оюндарынын ачылыш аземинде жапон бийчилери башында сакура гүлүнүн элеси түшүрүлгөн түркүн-түс лазердик чагылдыруунун коштоосунда бийлеп, стадионду көрккө бөлөдү.

Эки жума мурун Токиодо коронавирустун жаңы толкуну чыкканына байланыштуу уюштуруу комитети көрүүчүлөрдүн катышуусуна толук тыюу салган. Көпчүлүк чет элдик көрүүчүлөр Олимп оюндарынын ачылыш аземине киргизилбей турганы жарыяланган. 

Олимп оюндарынын ачылышы 68 миң кишиге ылайыкташкан стадиондо өттү. Бирок ага болгону 950 адам гана кирди, дүйнөлүк лидерлерден он бештей конок катышты.

Олимп оюндарынын ачылыш аземи дээрлик бош турган чоң стадиондо өттү. Улуттук курама командалар салтанаттуу параддан өтүүдө.

Оюн-зооктордо эки жылдан бери дүйнөнү каптаган коронавирус илдетинин адамзатты чырмооктой орогон учуру дагы берилди. Анда бийчилер шоунун жүрүшүндө дүйнөнү каптаган илдеттин улам жөргөмүштүн желесиндей тарап, адамзаттын дем алуусун чектеген көрүнүшүн музыканын коштоосунда көркөмдүк менен берди. Адамзаттын жашоо үчүн күрөшү, бири-бирине кам көргөн сезимдери бийчилердин шоусу аркылуу чагылдырылды.

Кыргызстандын спортчулары Олимп оюндарынын ачылуу аземине беткапсыз чыгышты.

Кыргызстандык спортчу Роман Петров. 

16 кыргыз спортчусу Токиодогу оюндарга катышууда. Алардын ичинен эркин күрөштөн 5, грек-рим күрөш боюнча 4, жеңил атлетикадан 2, оор атлетикадан, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование жана дзюдодон бирден спортчу Олимпиадага жолдомо алышкан.

Түркмөнстандык спортчу Олимп оюндарынын ачылуу аземинде. 

Армениянын курама командасынын спортчулары. 

Коронавирусту жугузуп алгандардын саны кескин көбөйгөнүнө байланыштуу Токиодо өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. 

Орусиянын курама командасы өлкө туусу менен эмес, Улуттук олимпиада комитетинин символикасы менен чыкты. Анткени кызытма жаңжалынан кийин Спорттук арбитраждык сот Орусияга мамлекеттик символдорду колдонууга 2022-жылдын 16-декабрына чейин тыюу салган.

Тажикстандык спортчулар да беткапсыз чыгышты. 

Жапониянын башкалаасындагы Олимп стадиондунда чектелүү сандагы кишилердин катышуусунда ачылыш салтанаты болду. Ачылуу аземине катышуучулар беткап тагынып чыгышты. Бирок Кыргызстандын спортчулары беткап тагынган жок. Токиодогу Олимп оюндары пандемия шартында өтүп жатат.