Жапаров Казакстанга барды

Президент Садыр Жапаров 2-мартта, Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына мамлекеттик сапар менен барды.

Президент Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту. 

Бул - быйыл 10-январда президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун биринчи мамлекеттик сапары.

Садыр Жапаровдун Казакстандын мурдагы пезиденти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу да белгиленген.

Жапаровдун Казакстандын премьер-министр Аскар Мамин, мажилистин жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу дагы мерчемделген.

Президент Садыр Жапаров 2-мартта, Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына мамлекеттик сапар менен барды.