Кадамжайда күмбөздөн табылган китептер

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кадамжай районунун Пум айылында мындан 10 жыл мурда XVI, XVII кылымдарга таандык делген китептер, жазуулар табылган. Бирок алар адистер тарабынан иликтенбей эле элдин колунда калган. Алардын арасында 1830-жылдарда ажылык сапарга барган молдонун ырастамасы, ошол эле жүз жылдыктагы сатып алынган буюмдун дүмүрчөгү сыяктуу иш кагаздары да бар. Тарыхый мурастар минтип адистердин кароосунан өтпөй, музейлерге жетпей жатышын мыйзамдык талаптар, атайын шарттар жетишсиздигинен дешет тарыхчылар.