“Какен Алмазбеков “Чагылганды” укканда ыйлаган”

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Акын Какен Алмазбековдун “13 жашар баланын арманы”, “Чагылган”, “Албырып шаттык жүзүнө”, “Сагынам” өңдүү элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан жүздөгөн чыгармалары жарым кылымдан бери маанисин жогото элек.

Обондуу ырлары, термелери, дастандары ооздон оозго өтүп келатканы менен, татаал тагдырда, жупуну жашап өткөн акындын өзү тууралуу сейрек сөз болот. Бүгүн биз акындын замандашы, Кыргыз Эл акыны Токтосун Самудинов менен Какен Алмазбековдун таланты жана тагдыры тууралуу сыябан-маек курдук.