Аптапта барсаң сергиткен Кара-Кой

Кара-Койдун салкын абасы, шаркыраган суусу.

Эс алуу жайынын жалпы аянты 11872 гектар аянтты түзүп 5 айыл өкмөттүн жайыт жерлери менен чектешкен. Алар Кыргыз-Ата, Зулпуев, Мирмахмудов, Гулистан жана Кара-Таш айыл өкмөттөрү.

Эс алуу жайына күнүнө 200-500 киши келет. Аларды жергиликтүү эл тейлейт.  Жашоочулар 100дөн ашуун боз үйдү иштетип, акча табышат. 

Кара-Кой жайлоосунда кара кийик (доңуз), карышкыр, түлкү, кашкулак, кийик, коён сыяктуу жапайы жаныбарлар бар.

Эс алуу жайынын так ортосунан мөңгү суусу агып түшөт.

Жапайы жаныбарларды атууга жана бак-дарактарды кыюуга тыюу салынган.

Жайлоодо. 

Кара-Койдун мөңгү суусу кол какшаткан муздак. Ичсең чаңкооңду кандырат.

Эс алуу жайдагы ички тартип тууралуу эскертүү. 

Кара-Кой.

Кара-Кой эс алуу борборунун кире бериши.

Кара-Кой жайлоосу Ош шаарынан 75 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Кара-Кой эс алуу жайына бир адамга 30 сомдон, ал эми сырттан келген туристтерге 140 сом акы алынат. Автоунаа менен киргендер үчүн 100 сомдон 200сомго чейин акча төлөнөт.

Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагында жайгашкан Кара-Кой эс алуу жайында эс алуучулардын саны арбын.