Караколдун айтылуу ашлямфусу кантип даярдалат?

Диля Сыдыкова 10 жылдан бери ашлямфу сатат. Ал төрт баласын базардан тапкан кирешеси менен багат. 

Диля Сыдыкова Караколдун ашлямфусунун өзгөчөлүгү - Караколдун суусунда деп эсептейт. 

Сатуучулардын бири Элвира күнүнө жүз порция ашлямфу даярдап сатат экен. Жайында андан эки эсе көп саткан убагы болот.

"Таң эрте туруп эле ашлямфунун камырын бышырам, соусун болсо кечинде даярдап коёбуз. Ашлямфу жасаганды апамдан үйрөнгөм", - дейт Элвира.

Ашлямфу - дунган элинин тамагы.  

Базарда ар бир сатуучунун өзүнүн кардарлары да бар экен.
 

Ашлямфу менен чогуу пирожки жесе, даамдуу болот. 

​​​Ашлямфу базарынын иштеп жатканына 30 жылдан ашкан.

Ашлямфу өзү муздак тамак. Бирок ашпозчулар кышында ысык ашлямфу да даярдашат. Ал үчүн муздак соуска ысык чай же суу кошулат.

Сатуучулар ашлямфу сатуу кирешелүү бизнес экенин айтышат. 

Сатуучулардын арасында 25-30 жылдан бери ашлямфу жасап келаткандары бар. 

Караколдо ашлямфунун бир порциясынын баасы 50 сом турат.

Ашлямфу сүйүүчүлөр. 

Диля Сыдыкованын айтымында, крахмалды уюта билүү да чеберчиликти талап кылат. 

 

Кышында базарда соода солгун болуп, эрте эле жабылып калат. 

Крахмал менен камырдан жасалган муздак жана ачуу тамак көп жылдан бери Караколдун визиттик картасына айланган.