Таласта жаңы үйлөр жыл айланбай бузулууда

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Талас шаарындагы социалдык колдоого муктаж жарандар үчүн берилген батирлердин бузулуп жатканын жашоочулар айтып чыкты. Ал үйлөрдү мындан 1,5 жыл мурда "Ас-Сафа" коомдук уюму куруп берген. Учурда батирлердин дубалдары үбөлөнүп, айрым үйлөрдүн дааратканасы иштебей калган.

Талас шаарындагы социалдык колдоого муктаж жарандар үчүн берилген батирлердин бузулуп жатканын жашоочулар айтып чыкты. Ал үйлөрдү мындан бир жарым жыл мурун "Ас-Сафа" коомдук уюму куруп берген эле. Учурда батирлердин дубалдары үбөлөнүп, айрым үйлөрдүн дааратканасы иштебей калган. Мамлекеттик курулуш агенттигинин Талас облусундагы башкармалыгы текшерүү жүргүзүп, сапатсыз курулуш материалдары менен курулганын жана курулуш иштерин жүргүзгөн компанияга эскертүү берилгенин билдирген.