Орусия: кодуланган мигранттар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусиянын күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Екатеринбургда 17-январдагы рейддик иш-чара маалында мигранттарды казча бастырууга мажбурлаганы териштирилүүдө.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Екатеринбургдагы Башкы консулдукка таянып тараткан маалыматка караганда, мындай кодулоого туш болгондор арасында үч кыргызстандык болгон.