"Колуна темир кийип уруптур". Эки күндө мектепте эки өмүр үзүлдү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мектептеги коопсуздук: Эки окуучу ур-токмоктон каза болду

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза тапканын жакындары айтып чыкты. Алардын билдиришинче, өспүрүмдү дааратканада 11-класстын окуучулары сабап, бала ошол жерде жан берген. Облустук милиция окуяга катыштыгы бар делген төрт окуучуну камакка алды.

Буга удаа эле Сузакта 10-класстын окуучусу ур-токмоктон каза тапканы белгилүү болду. Жаңы окуу жылы башталары менен мектеп рэкетчилигинен эки баланын каза табышы окуучулардын коопсуздугуна кабатырланууну күчөттү.

Өткөн апта соңунда Чаткалда 9-класстын окуучусу Дастан Рахманкулов өзү окуган мектептин ажатканасында каза тапты. Маркумдун жакындары өспүрүм 11-класстын төрт окуучусунун ур-токмогунан мүрт кеткенин айтууда.

“Мектепте үчүнчү сабак аяктагандан кийин он мүнөттүк тыныгуу болот. Ошол тыныгууда 11-класстын балдары буларды чакырат. Урганда дагы жөн урган эмес, колуна темир кийип алып уруптур. Бир баланын колу чыканагынан сынып калыптыр. Менин инимди катуу урушуптур. Балдардын бири менин инимди ушул көкүрөк тушуна уруптур. Дагы бири бөйрөккө урган. Инимдин оозунан кан чыгып кетиптир. Ошондо экинчиси келип, көкүрөгүнө урган. Иним ошол ажаткананын ичинде эле жан бериптир. Инимдин “талмасы бар”, “оорукчан” деп чыгышыптыр. Андай эмес, дени-карды соо, ден соолугу чың болчу. Ооруканада каттоодо да турган эмес, дени сак бала болчу”, - деди маркумдун бир тууган эжеси Меридина Рахманкулова.

Эжесинин айтымында, жогорку класстын окуучулары 9-класстагы балдарга “дүкөндөн суу алгыла” деп зомбулук көрсөтүшкөн.

Дастан Рахманкуловдун өмүрү мектептеги зомбулуктан үзүлдү.

Солкулдап эми гана өсүп келаткан чырактай уулунан ажырган ата-энеси боздоп отурат. Алардын сүйлөп бергенге шайы жетпеди.

Жакындары окуяга катышы барлар мыйзам чегинде жазаланышын гана талап кылууда.

“Биздин мектепте жаш балдардын көбү коркот булардан [окуяга катыштыгы бар делген окуучулардан]. Андан мурун, экинчи сабактан кийинки беш мүнөттүк тыныгууда ошол балдар 10-класстын балдарын алып барып сабаган экен. Андан кийин 9-класстын балдарына күч колдонушкан. Бул бир суусундуктун айынан урган экен. Биз азыр экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Калыс, адилеттүү териштирүү болсун”, - деди маркумдун эжеси.

Жалал-Абад облустук милициясы Чаткалдагы өспүрүмдүн өлүмүнө шектелип төрт бала кармалганын кабарлады. Аларга карата “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголду:

Улукбек Сулайманов

"Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (“Ден соолукка оор залал келтирүү”) негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган төрт өспүрүмгө карата Ала-Бука райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Учурда окуянын келип чыгуу себептерин аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда”, - деди Жалал-Абад облустук милициясынын (ОИИБ) маалымат катчысы Улукбек Сулайманов.

Бул каргашалуу окуяга удаа Сузак районунда дагы бир окуучу ур-токмоктон каза тапканы маалым болду. Өмүрү үзүлгөн өспүрүм 10-класстын окуучусу болгону айтылды.

Жалал-Абад облустук милициясы бул ишке шектелип 17 жана 18 жаштагы эки бала эки айга камакка алынганын билдирди.

Дагы караңыз

Бишкекте 5-класстын окуучусу сабалган окуяны милиция териштирүүдө

Быйыл мектептерде жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталган. Ур-токмоктон каза тапкан өспүрүмдөрдүн мектепке барганына эки гана күн болгон эле.

Бул окуялардан кийин мектептеги окуучулардын коопсуздугу, мектеп рэкетчилигине байланыштуу кабатырлануу күчөдү. Кыргызстанда мектеп рэкетчилиги узак жылдардан берки чоң көйгөй. Ортодо басаңдап, бирок соңку жылдары өлүм менен аяктаган окуялар катталууда.

Клиникалык психолог, балдарды коргоо боюнча эксперт Перизат Асылбаеванын айтымында, рэкетчиликке адатта психо-физиологиялык жактан өзүн тейлей албаган өспүрүмдөр барат. Ошондой эле, кайсы бир кадамынын кесепетин анализдөө жөндөмү алсыз болгон өспүрүмдөр башкаларга зомбулук көрсөтүүгө барат дейт ал.

Перизат Асылбаева

“Муну алдын алуу үчүн өзгөчө ата-энелер ар бир күндүн жыйынтыгын анализдегенди үйрөтүү керек. Тарбия берүүдө урушуп, зекип эмес, мисал келтирип айтканы жакшы. Ага кошумча бала үйдө өзүн коопсуз сезе турган атмосфера түзүү зарыл. Бала иш кылгысы келбей, аны кылбай койсо, үйдө эч ким урушпайт экенин билген деңгээлде ишеним болушу зарыл. Үй-бүлөдө иш кылуу милдеттери гана талкууланып жана уруш-талаш болуп жатса бала ошол моделди сиңирет. Үйдөн чыңалуу сезимин кабыл алып, аны көчөдө чыгара баштайт. Азыр балдар криминалдык тасмалар популяризация болгон заманда жашап жатат. Аны көргөн бала “мен ушинтип крутой болсом болот турбайбы” деп ойлойт. Мектепте окуучу зомбулукка кабылганын коркпой айта ала турган, аны “сөз ташыгыч” деп атабай турган ишенимдүү системаны киргизүү керек. Оюн, интерактив аркылуу окуучунун эмоциясын көзөмөлдөө, анализдөө жөндөмүн өнүктүрүү зарыл. Ошондой эле, мектепте зомбулук көрсөткөн балдардын бирдиктүү базасын түзсө болот. Мисалы, Түштүк Кореяда мектепте буллинг же рэкетчилик кылган окуучу университеттин "кара тизмесине" киргизилет. Аларды университетке албайт. Ошондой санкциялар болушу керек да. Эгер санкция болбосо, "Жаза болбогон жерде кылмыш кайра кайталанат" деген боло берет да”.

Кыргызстанда акыркы жылдары өз жанын кыйган жана мектептеги чоңсунуу, зомбулуктун курмандыгы болгон бир нече каргашалуу окуя катталды.

Өткөн жылы февралда удаасынан катталган өспүрүмдөрдүн өлүмү коомчулуктун үрөйүн учурган. Алты окуучунун өлүмү суицид катары тергелип, дагы үч өлүмгө теңтуштарынын зомбулугу себеп болгону маалымдалган эле.

Дагы караңыз

Нарында өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу мектеп директоруна сөгүш берилди

“Өкмөттүк деңгээлде дисциплина аралык программа кабыл алынышы керек. Антибуллинг программаны киргизип, балдарды 1-класстан баштап үйрөтүү зарыл. Агрессия кылган балдарды жазалоо мыйзамы кабыл алынышы керек. Ал балдарды атайын тизмеге киргизип, “келечегиңерге таасири тийип калышы мүмкүн” деп. А бирок аларды коркутуп гана эмес, эмпатия сыяктуу көндүмдөрүн өнүктүрүү керек. Эмпатия - башка адамдын абалын түшүнүү да. Эмпатиясы жогору бала эч качан зомбулукка барбайт. Маданият министрлиги да балдарга багытталган программасын киргизүү керек. Тарбиялоочу тасма, сериалдарды тартуу зарыл. Бул жерде Ички иштер министрлигинин да салымы чоң. Алар кесепети менен иштебей, алдын алуу жагына көңүл бурушу туура болот. Системалуу түрдө аларды ИИМдин академиясынан үйрөтүү керек - өспүрүмдөрдүн психологиясы кандай, кантип иштеп, кантип коммуникация кылышыбыз керек. Алардын да салымы чоң”, - деди психолог Перизат Асылбаева.

Дагы караңыз

"Жакшы окуган балдардын бири эле..." Бир айда тогуз өспүрүмдүн өмүрү кыйылды

Өлкөнүн акыйкатчысы мектептердеги мониторингдин жыйынтыгында сурамжылоого катышкан окуучулардын 50% мектепте чоңсунуу, өкүмзордук же буллинг бар экенин айтышканын билдиргени бар. Мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоо чакырыгы мындай зомбулук окуялары катталган сайын айтылып, кийин басаңдап калат дейт агартуу тармагындагы эксперттер. Алар муну болтурбоого өкмөттүк дагы, коомдук да масштабдуу иш-чаралар зарыл экенин айтып келишет.