"Кожоюн издеген коом өнүкпөйт". Колониалдык аң-сезимден кантип кутулабыз?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Былтыр Орусия Украинага кол салгандан кийин Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда деколонизация темасы көп талкуулана баштады. Деколонизация жараяны кандай жүрүшү керек? Кыргыздар дээрлик бир кылымдай баш ийип жашаган совет доорун колониалдык режим деп атоого болобу? "Жаңы ой чабыт" программасынын алгачкы чыгарылышын сунуш кылабыз.