“Күн кармаган балада” Бурулайдын да тагдыры бар”

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Коомдо кызуу талкуу жараткан "Күн кармаган бала" спектаклинин режиссеру Уланмырза Карыпбаев "Азаттыктын" "Элдин балдары" подкастына маек курду. Ушул тапта Астанадагы Азербайжан Мамбетов атындагы мамлекеттик драма жана комедия театрынын башкы режиссеру болуп иштеп жаткан Уланмырза Карыпбаев чуу жараткан соңку спектакли, чыгармачылыгы, маданият жөнүндө ой бөлүштү.