Кылымдын дарты: Үмүт жана күрөш

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда расмий маалымат боюнча ВИЧ инфекциясына чалдыккандардын саны 11 миңге жетти. Бул сандын артында жакындарынын, коомчулуктун басымына кабылып, илдет менен жалгыз күрөшүп жаткан тагдырлар бар. "Данисте" берүүсүндө бул жолу ВИЧ жугузганы үчүн күйөөсүн сотко берген аялдын жана ВИЧ статусун ачыктап, активистке айланган жубайлардын турмушун көргөзөбүз.