Айтматовдун "Ак кемеси"

"Ак кеме" повестинин арт-инсталляциясы жука жана ак түстөгү материалдан жасалган. Ал толкуп турган көлдүн образын чагылдырат.

"Декабрдын күнү" көргөзмөсүнө 11 сүрөтчү жана бир катар ыктыярчылар катышкан. 

Көргөзмөдө жазуучунун бала кезин, эмгек жолун, айрым чыгармаларын чагылдырган заманбап картиналарды көрүүгө болот.  

"Ак кеме" инсталляциясындагы Бугу эне.

Көргөзмөгө Айтматовго тиешелүү буюмдар да коюлган. 

"Ата-эне, бала чак жана жазага тартуу" аттуу картина. 

Айтматовдун ааламы. 

"Ак кеме" инсталляциясы көрүүчүнү чыгарманын ичине жетелеп барат. Ак материалдын бетине түшүрүлгөн ар бир сүрөттө повесттин урунтуу учурлары, каармандардын образдары  түшүрүлгөн.  

"Ак кеме" инсталляциясын жасоого бир айдан ашык убакыт кеткен. 

Көргөзмө 12-декабрь - залкар жазуучунун туулган күнүндө жабылат. 

Орозкулдун образы. 

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган "Декабрдын күнү" аттуу көргөзмө эшигин ачты. Мында "Ак кеме" повестинин арт-инсталляциясы жана жазуучунун эмгек жолуна арналган жаңы стилдеги картиналар коюлган.