"Кыргыз киноcун дүйнөгө сатабыз". "Ак илбирстин" талабы өзгөрдү

Актан Арым Кубаттын "Кара, кызыл, сары" тасмасы тартылган учур.

мазмуну

  • Бишкекте “Ак илбирс” улуттук кино сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Анда мыкты көркөм тасма, мыкты сценарий, мыкты актерлор ж.б. номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Маданият министрлиги келерки жылдан тарта сыйлык тапшыруу жобосун өзгөртмөй болууда. Мындан тышкары кыргыз киносун жаңы деңгээлге чыгаруу, экономикага салым кошчу тармакка айлантууга аракет көрүлөт.
“Ак илбирс” улуттук cыйлыгы 2024-жыл үчүн ыйгарылганын тактай кетели. Ага ылайык, алыстар тобу Руслан Акунду мыкты режиссер деп тапкан. Анын “Бейиш эненин таманында” тасмасында башкы ролду аткарган Анара Назаркуловага мыкты актриса, Эмил Эсеналиевге мыкты актер сыйлыгы ыйгарылды.

Эң мыкты фильм сыйлыгын “Качкын” тасмасы жеңип алды. Режиссер Дастан Жапар уулунун кулчулук жана көмүскөдөгү маңзат соодасы тууралуу фильми улуттук киносынактын бир канча номинациясына илинген.

Режиссер Дастан Жапар уулу тасманын өзөгү турмушта болгон окуядан алынган дейт:

"Чек арада маңзат ташыган эки бала кулчулуктан качып келе жаткан кызга жолугуп калышат. Аны куткаруу үчүн карызга батып, өздөрүнө түйшүк табат. Тасманын сценарийин жазган Актан Рыскелди 2005-жылы Казакстанга иштегенге барган. Ал жерден кулчулукка кабылып, аягында чек арадагы дарыяны кечип качып келген. Ошол окуя мага катуу таасир эткен. Статистиканы карап көрсөм, дүйнөдө 50 миллиондой адам кулчулукка кабылат экен. Бул сан жыл сайын көбөйүп баратыптыр. Кыргызстандын жарандары көбүнчө Казакстан, Орусия, Түркияда ушундай кордукка кабылат экен. Ушул окуядан кийин тасма тартууну чечтим. Баш-аягы 150 миң доллардай кетти. Бул маркетингге жумшалган акчадан тышкаркы сумма."Ак илбирс" сыйлыгын жеңип алганыбыз бир чети күтүүсүз, бир чети күтүлгөн эле окуя болду. "Качкындын" премьерасы алгач Пусандагы кинофестивалында болгон. Андан бери отуздай эл аралык фестивалга катыштык. Эки гран-при, үч мыкты режиссерлук иш, төрт актерлук иш, эки мыкты сценарий сыйлыктарын жеңип алганбыз. Киносынчылар берген дагы сыйлыктар бар. Тасма социалдык драма болгондуктан фестивалдык форматка туура келди десем болот".

Дагы караңыз "Инимдин кулчулукка кабылышы "Качкынды" тартууга негиз болду"

Кыска метраждуу көркөм тасмалар ичинен Жандос Жолдошевдин "Байланышы" утса, даректүү тасмалардын арасынан Алиман Токтогулова менен Карашев Жанышовдун "Иттер" тасмасы алды.

Борбор Азиянын эң мыкты тасмасы деген номинация казакстандык режиссер Адил Мерекеновдун "Күзгү жел" тасмасына берилди.

"Ак илбирске" тандоо талабы өзгөрөт

“Ак илбирс” киносыйлыгы быйыл 12-жолу уюштурулду. Маданият, маалымат жана жаштар министринин орун басары Марат Тагаев жаңы жылда сыйлык тапшыруу жоболору өзгөрө турганын айтты.

Марат Тагаев.

“Он эки жыл мурда аттуу-баштуу режиссерлор, коомдук уюмдар Кыргызстанда да абройлуу сыйлык болсун деген максат менен "Ак илбирсти" уюштурушкан экен. Буга чейин башкы сыйлыкты автордук, артхаус фильмдер алып келген. Бирок Кыргызстанда азыр коммерциялык кинолор да өнүгүп жатат. Алардын эсебинен Кыргызстан чөлкөмдөгү ата мекендик тасмаларды көп көргөн өлкөгө айландык. Мамлекеттин колдоосу жок эле кино жаратып жаткандар да коомдун реалдуу өкүлдөрү. Ошондуктан сынакка коммерциялык тасмалар дагы кошулсун деп талап койгонбуз. Бирок кеп биздин деле талапта эмес, өзүңүздөр билгендей, бул жолу сыйлыкты жаш режиссерлор алышты. “Ак илбирсти” негиздеген адамдар менен да кеңештик. Министрлик 2026-жылы “Ак илбирсти” колго алып, чыныгы улуттук сынакка айлантуу ниетибиз бар. Бир топ жол-жоболорун өзгөртөбүз. Анткени сынак жарыяланганда бирөөлөр тапшырса, бирөөлөр тапшырбай деле коет экен. Чыныгы таланттуу адамдар сыйлыкка деле умтулбайт тура. Ошон үчүн 2026-жылы сынакка баары тегиз катышкандай жол-жоболорду иштеп чыгабыз”.

Дагы караңыз Эне тууралуу тасма казакстандык көрүүчүлөргө жакты


Өлкөдө соңку жылдары “Кыргыз кереметин” кайра жандантуу аракети жүрүүдө. Расмий маалыматтарга таянсак, акыркы үч жылда кинематографияга бөлүнгөн каражат 11 эсе жогорулап, 80 млн сомдон 951 млн сомго жеткен.

Марат Тагаев сыйлык менен катар өкмөт кыргыз киносун креативдүү индустрияга айлантууга аракет кыларын кошумчалады.

“Бизде кинотеатрларда билет системасы электрондошкон эмес. Кайсы бир режиссер тасма тартса, андан пайда көрүшү керек. Бирок кинотеатрлар режиссерго акысын бербей койгон учурлар да бар экен. Ошону жойгону жатабыз. Андан тышкары “Кыргызфильмге” тиешелүү жерге павильон курабыз. Кино тармагы өнүктү дегени менен бизде азыр кинопавильон жок. Ансыз жакшы тартма жаратуу мүмкүн эмес. 2026-жылы Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги менен ушунун үстүнөн иштейбиз. Болжолдуу эсеби 1 млрд сомдон ашык. Ал жерде жеке тасмалар эле эмес, коңшу мамлекеттер да келип кино тарткандай болушу шарт. Андан тышкары үн жаздыруучу студия керек. Азыр кино тарткандар Орусияга, Казакстанга барып 15-20 миң доллар төлөп, сапаттуу үн жаздырып келет. Ошол акча Кыргызстанга калсын деп жатабыз. Дагы бир баса белгилей кетчү нерсе, цензура болбошу керек. Чыгармачылык, кино цензура болгон жерде өнүгө албайт, аны бардык мамлекеттик органдар түшүнүүгө тийиш”.

Тагаев муну менен катар “Кыргызфильм” жана “Кыргыз сериалдын” көркөм кеңештеринен өткөн тасма, үчүнчү жолу Кинодепартаменттин көркөм жана экспертизалык кеңешинен дагы өтө турганын белгиледи. Ал эми мамлекеттин буюртмасы менен тартыла турган, тарыхый тасмалар же сериалдар Кыргыз кинематографиясы боюнча улуттук кеңештин кароосунан өтүүгө тийиш.

"Сериал тартуу оңой эмес"

Тарыхый тасмалар демекчи, декабрдын соңунда “Кара кыргыз” сериалынын бет ачары болду. Анда өткөн кылымдын 1920-1930-жылдарындагы кыргыз интеллигенциясы жана алардын мамлекетти түптөөдөгү салымы баяндалат.

"Кара кыргыз" сериалынан

“Кыргызсериал” мекемесинин колдоосу менен “Арна продакшн” студиясы тарткан сериалдын режиссеру Сүйүн Откеев. Учурда ал режиссерлук кылган дагы бир сериал – “Чоочун киши” Улуттук каналда көрсөтүлүүдө.

Откеевдин айтымында, "Кара кыргызды" тартуу үчүн 35 млн сом жумшалган.

Сүйүн Откеев.

“Сериалдын түрлөрү көп да. Студияда отуруп эле тарта тургандар бар. Мурда көбүнчө ошондой сериалдарды көрчүбүз. Бирок акыркы жылдары АКШда премиум сериалдар тартыла баштады. Айрымдарынын көркөм тасмадан эч айырмасы жок, керек болсо андан да сапаттуу чыгып жатат. “Нетфликс”, HBO компаниялары азыр ошондой сериалдарга басым жасап калды. Башкаларды айта албайм, бирок өзүм тарткан “Чоочун киши” менен “Кара кыргыз” жогорку сапаттагы сериалдарга кирет. Сериал тартуу кинодон да кыйын. Элдин кызыгуусун аягына чейин тажатпай кармап туруш керек. "Чоочун кишиге" үч жылдан бери элдин кызыгуусу жогору. Улуттук каналда акысыз көрсөтүлүп жатат. Күтүп, чыдамы кеткендер үчүн акы төлөгөндөй кылып киргизип койсок сатып алып көргөндөр да бар. Бизде кинопавильон жок да. Казакстанда, Орусияда ошонун ичинде эле отуруп тартышат. Бизде болсо сериал кинодой эле локация менен тартылып жатат. Андан тышкары сценарий. “Чоочун кишини” бүгүнкү күнгө ылайыктап кайра жазып, азыркы шарттар менен тарттык. Эгер 1970-80-жылдарды тартсак, албетте оор болмок. Ал эми “Кара кыргызда” ошол доорду тарттык да. Тарыхчылардын кеңешин укканыбыз менен сценарийди көркөмдөп жаздык. Бул кинодо боло берчү эле тажрыйба. "Этномедиа" сыяктуу онлайн-платформалар аркылуу мамлекеттин каражатына тартылган кино-сериалдар ушинтип элдин кызыгуусуна ээ болуп, кошумча киреше булактары түзүлүп жатканы эң сонун көрүнүш. Болбосо азыркы учурда көптөгөн телеканалдар контент сатып алууда кыйналып жатышат. Андыктан медиа тармагы өнүгүп, сапаттуу контенттердин монетизациясын күчөтүү керек деп ойлойм”.

"Чоочун киши" сериалынын экинчи сезонун тартуу учуру

Телесериалдардын тарыхын карап көрсөк, өткөн кылымдын 1940-50-жылдары Америкада тартыла баштаган экен. Негизги көрүүчүлөрү үй кожейкелери болгондуктан, аларда үй-бүлө маселесине, сүйүү, айрылуу өңдүү сезимди козгогон темаларга көбүрөөк басым жасалган. Мындан улам киностудиялар сценарий жазууга же режиссерлукка аял адистерди көбүрөөк тарта баштаган.

Декабрдын башында Ош шаарында Борбор Азиядагы режиссер айымдардын кинофоруму өткөн. Аны уюштурган режиссер Асел Жураева аялдар киноиндустрияны өнүктүрүүдө чоң күч экенин белгилеп, Түштүк Кореяны мисалга тартты.

“Кинодо аял-эркекке бөлбөш керек деп айтышат. Бирок аялдардын кинодогу орду чоң экенин дагы айта кетишим керек. Карап көрсөм, Түштүк Кореядагы эң популярдуу дорамалардын сценарийин аялдар жазган экен. Бул өлкөнүн киносу эмес, музыкасы да популярдуу болуп жатпайбы. Искусство өлкө экономикасына салым кошууда. “Оскарды” да алып коюшту. Биз деле ошол деңгээлге жете алабыз деп ойлойм. Жалпысынан алганда аялдар арасында сценарий жазгандар аз. Сценаристтерди Б.Бейшеналиева атындагы искусство университетинде эле окутат. Орусияга барып өз алдынча окуп келгендер бар. Жеке студиялар окутат. Мамлекет ушул жагын дагы эске алып, драматургдарды, сценаристтерди даярдоого көңүл бурушу керек. Ошондо гана кыргыз киносунун өз жүзү пайда болот”.

Дагы караңыз Динара Асанованын кинодогу жети керемети

Буга чейин режиссер Айбек Дайырбеков “Азаттыкка” кино жаатында бир катар адистер жетишпей жатканын айткан эле.

"Кыргызстанда кино таануучу, искусство таануучулар жок. Аниматорлорду даярдаган окуу жайлар жок. Казакстанда ал илгери эле бар болчу. Ошон үчүн алар азыр ондогон тасмаларды тартып жатышат. Кино сынчыларыбыз жок. Экинчи курамды даярдоо деген жок. Музыкалык драма актерун даярдаган факультет Алматыда бар, Бишкекте жок. Биздеги спектаклдерде бийлер бири-бирине окшош. Анткени хореография профессионалдык деңгээлде актердук факультетте окутулбайт. Айта берсе көйгөй көп".

“Ак илбирс” кино сыйлыгы тапшырылганга чейин бир күн мурда Бишкекте айтылуу режиссер Төлөмүш Океевге эстелик тургузулган. “Кыргыз кереметин” жараткан муундун өкүлүнүн ысымы эгемендик жылдары “Кыргызфильм” студиясына ыйгарылган.

Кыргыз киносунун тарыхында 1960-1970-жылдарда тартылган көркөм тасмалар “Кыргыз керемети” деп аталат. Сынчылар, көрүүчүлөр мындай аталышты Төлөмүш Океев, Мелис Убукеев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров баштаган көрүнүктүү кинорежиссерлордун ысымы менен байланыштырат.

“Бакайдын жайыты” (Төлөмүш Океев), “Ак кеме”, “Караш-караш окуясы”, "Бөрү зындан"(Болот Шамшиев) , “Ак Мөөр”, “Тайгак кечүү” (Мелис Убукеев) “Саманчынын жолу”, “Буктурма” (Геннадий Базаров), жана башка бир топ тасмалар убагында көрүүчүлөрдүн мыкты баасына арзыган.