"Кыргыз ырларына жаңы өмүр бергибиз келет"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Meta team “Азаттыктын” студиясында жаңы жылдык ыр белегин тартуулады. Топто музыкалык билими бар же жок экенине карабастан ар курактагы мырзалар менен айымдар ырдайт. Чыгармачыл топту негиздеген Мыктыбек Нурланбековдун айтымында, Meta teamдин максаты - кыргыздын ырларына жаңы өмүр берүү жана чет элдик ырларды кыргыз коомчулугуна тааныштыруу.