Москва: түнкү клубдан ооруканага

Москвада түнкү эс алчу жайдагы кыргызстандыктар.

Москвада кыргызстандык мигранттар эс алчу кафе жана түнкү клубдар кылмыштуулуктун уюгуна айланууда. Күндүз кадимки ашкана, түнкүсүн ичимдик жана дискотека сунуштаган мындай жайлар мигрант жаштардын шаарда эң көп чогулган жери.

Москвада кыргызстандыктар эс алчу элүүдөй кафе иштейт. Октябрда мындай эс алуучу жайлардын үчөөндө бычакташуу, акчалуу кардарларды талап-тоноо сыяктуу кылмыш иштери катталган. Ал эми уурулук, кардарлардын акча төлөбөй качышы - кадимки көрүнүштөр.

Кыргыздардын түнкү клубунда иштеген Максат Москвадагы мигрант жаштардын көңүл ачуулары жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып берди.

- Дем алыш күндөрү иш жакшы болот. Көбүнчө туулган күн белгилеп, же иш аптасы бүткөндө эс алууга келишет. Кардарлар ар кандай. Бир гана жаштар деп айтууга болбойт. Бир отурганда 3-4 кишилик бир столдон 4-5 миң рублдай акча түшөт. Түнүндө келгендер көбүнчө ичимдик, салат сыяктуу жеңил тамактарды алышат. Кардарлар саат 11ден баштап таңкы 5-6га чейин болушат. Мында мушташуулар көп болбойт. Түртүшө кетип, урушкандар болот, мастыктан өзүн жоготуп койгондор болот. Андайларды дароо акчасын төлөтүп, чыгарып салабыз. Буга жооп берчү балдарыбыз бар.

Клубда эс алып жаткандар.

​Жума-жекшемби күндөрү түнкүсүн ар биринде бери дегенде жүзгө жакын жаштар чогулчу кафелерде коопсуздук маселеси дээрлик көңүлгө алынбайт. Эс алуучуларда курал-жарактын болуп-болбогону текшерилбейт. Адатта жашы 18ге толо элек өспүрүмдөрдүн да мындай жайларга тоскоолдуксуз кирип, ичимдик алып отурганын көрүүгө болот.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиев октябрда кыргыз клубдарында болгон кылмыштарга токтолду.

- Ай башында “Мираж” деген кафеде мас абалындагы адамдар арасында мушташ болгон. Үч бала бычактан жаракат алып, бирөө оор абалда реанимацияга түшкөн. Экөө азыр ооруканадан чыкты, үчүнчүсү дарыланууда. Бул иш боюнча 22 жаштагы эки жаран камакка алынды. Орусиянын Кылмыш кодексинин 111-беренеси боюнча иш козголду.

Москвадагы кыргызстандыктардын клубу.

Москванын түштүк-батышындагы “Мираж” кафесинде чыккан бул уруш кыргыз-өзбек улутундагы кыргызстандык мигранттар арасында болгон. Мындай мигранттардын бычакташуусу бул айда Электрозаводская метросундагы “Ысык-Көл” кафесинде да катталган. Анда өздөрүн “каралардын балдарыбыз” дегендердин ортосунда мушташ чыгып, бир бала ооруканага түшкөн.

Алиев мындай жаңжалдардан тышкары, кафелерге эс алганы келгендер тонолгонун белгилейт.

- Бир кыргызстандык “Бермет” кафесине эс алууга барып, ал жактан анын 120 миң рублин жана телефонун алып коюшканын айтып, арыз менен кайрылган. Азыр бул боюнча үч киши камалып, экөө камакта. Тергөө иши азыр эки адамдын арызы боюнча каралып жатат. Башка жабырлануучулар да бар экени аныкталып, бирок калгандары арыз жазуудан баш тартып коюшту. Биздин маалымат боюнча, кылмышка айыпталгандар түнкүсүн кафелерден чыгып келаткан адамдарды аңдып, күч колдонуп, акчасын жана буюмдарын алып коюшчу. Бирөө ошол кафеде өзү коопсуздукта иштечү экен.

Мигрант өмүрү кылдын учунда...

Мигранттын өмүрү кылдын учунда...

15-февралда Анарбек Жукушев аттуу 31 жаштагы жигит бычак жеп каза тапкан. Боорунан алган жарааттан улам ал ооруканага жетпей эле үзүлүп кеткен.

Кыргызстандык мигранттардын арасында мындай жайларга талап чоң болгондуктан, чет өлкөлүк ишкерлер кыргызстандыктарды жалдап иштетип, кардарларды тартууга кызыкдар. Москвада кафе иштеткен кыргызстандык ишкерлер кечкисин кардарлардын кылык-жоруктарын тескөө үчүн коопсуздук кызматына спорт клубдарда машыккан балдарды алышат. Ал эми кафелерде тейлөө кызматында мигрант кыз-келиндер иштешет.

Москвада той-тамашаларда тамада болуп иштеген Роза Таберикова кафелерде болуп жаткан жагымсыз иштерди Москвадагы бүткүл кыргыз жамааты биригип, тескөөгө алыш керек деген ойдо.

- Бир чети ошол эле кафелерде уул-кызын үйлөнтүп, кыргыздын салттары менен жакшынакай той-топурлар өтүп жатат. Экинчи жагынан ээнбаштык да бар. Мен эки жылдан бери тамада болуп, Москвадагы кыргыз элинин арасында жүрөм. Жакшынакай башталган кечелер аягында өкүнүчтүү бүтөт. Арак көп болуп жатат. Бул жерде деле кыргызстандыктар ишкердик кылыш үчүн ачып жатат, көп акча жумшашат. Бирок, элибиздин ичинде болуп жаткан жаман иштерди өзүбүз - элчилик, диаспора жана ар бир адам өзү тескей алабыз. Кафе иштеткендер коопсуздукту карап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ИИМ, элчилик жана диаспоранын аксакалдары менен жөнгө салышыбыз керек. Эс алууга баргандар деле акчасын төлөп жатат. Шарттарды жакшыртып, көзөмөлдү күчөтүү керек.

Акыркы кезде Москвадагы кыргыз кафелеринде болуп жаткан көрүнүштөргө нааразы болгондордун өзүнчө топтору түзүлүп, алар түнкүсүн кафелер жайгашкан метродо даават айтып же кафелерге кирип барып, дискотеканы токтотуп, жаштарды таркатууга аракет кылышууда.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.