Асаналиев алфавитти оңдойбуз дегендерди ойлонууга чакырды

Кичинекейлер.

Апта соңундагы кыргыз басылмаларына Шайлообек сереп.

“Кыргыз туусу” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин “Баарыбыз тең Мыйзам боюнча, Ыйман жана Абийир менен жашоого милдеттүүбүз!” деген Кыргызстандын элин куттуктоосундагы сөзү менен бүгүнкү санын ачты. Ырасмий маалыматтардан кийин майда кабарларды окуйсуздар.

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев телефон аркылуу берген жообунун баштемасын “Айла кеткенде өзүмдүн канымды бердим” деп атап, медицина тармагындагы көптөгөн көйгөйлүү суроолорго жооп берди. Гүлчехра Тажибаеванын макаласы “Улуу Жеңишти алып келген Баткендик аталар” деп аталды. “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти Айжамал Камалдин кызынын “Акча үчүн ыйманыбызды да сатып калдыкпы?” деген ат менен жарык көрдү.

“Жаңы агым” гезити “Экстер” эриккенде Кыргызстанды эрмектей беришеби?” деген баштема аркылуу Талгарбековдун сүрөтүн коштоп жарыялады. Гезит “Акаев менен Бакиев жашыруун жолугушуп, кийинки президенттикке көздөй кишисин такка олтургузуу тууралуу сүйлөшкөнү жөнүндө каңшаар тарады” деп кабарлады. Кадыр Бостон аттуу автор “Айыл чарбасын талкалагандай Талгарбеков эми биротоло Кыргызстанды талкалабаса болгону” деп жазды.

Темирбек Алымбеков макаласын “Казакстандагы кабатыр кылган окуялар” деп атап, “Казакстандагы митингдердин артында кимдер турат?” деген суроого жооп издеди. Кадыр Бостондун дагы бир макаласы “Сирияга кеткен эже-сиңдилердин таржымалы” деген ат менен жарык көрсө, Темирбек Акматалиевдин макаласы “Амантур Акматалиевдин алиппеси” деген ат менен жарыяланды. Акындар Кундуз Маматова менен Жыпара Жетигенованын ыр түрмөктөрү басылды.

“Де-факто” гезити Кыргыз радиосунун башкы редактору Назира Абдукаимова менен 1-радионун башкы редактору Таалайкүл Сыдыкбекованын радиоберүүлөр боюнча маектерине орун берди. Мурдагы министр Аргынбек Малабаев “Мен Сариевден күчтүүмүн, себеби, чындык мен тарапта”, деп маек берди.

“Фабула” гезити 28-апрелде кыргыздын даңктуу уулу, публицист, жазуучу, бизнесмен, коомдук ишмер Табылды Эгембердиевдин ашы берилип, “Супара” этнокомплексинде айкелинин ачылышы болгонун, эскерүү митингин Табылдынын инилеринин бири Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев алып барганын, бир топ адамдар чыгып сүйлөгөнүн баяндап, акын Олжобай Шакирдин Табылдыга арнап жазган ырын, Бишкек шаар кеңешинин депутаты Жамалбек Ырсалиевдин “Ташка айланган Табыке” деген эскерүү макаласын жарыялады.

“Фабула” гезити жазуучу Чолпонбек Абыкеевдин сандан-санга жарыяланып келаткан “Мародерлор” романынан үзүндүнү үзбөй басууда. Асан Акматов макаласын “Үркүн” деп атаса, Сагынды Самыкбаев макаласын “От менен ойнобойлу, Мекенибиздин бүтүндүгү кымбат” деп атады.

Кыргыздын бир кылымын эске салган белгилүү ырчы Токтобек Асаналиевдин концертинин фото сүрөттөрү “Кылым жүзү” кылымдарга жаңырсын” деген ат менен тартууланды.

Белгилүү илим доктору Абдыкадыр Садыков “Бизди ким эстейт да, ким айтат?” деген макаласында согуш жылдарын эске салса, дагы бир илим доктору Үсөнбек Асаналиев макаласын алфавитти оңдойбуз дегендерди ойлонууга чакырды.

“Супер инфо” гезити ырчы Жийдеш Идирисова “Евровидение-2016” ыр сынагына калыс болгонун, ырчы Аяна Касымова алгачкы жолу концерт берип, андан түшкөн 79 миң сомду рак менен ооруп жаткан бир жарым жаштагы Айдарга которорун билдирди. Жаш экенине карабай, элди кайрымдуулукка үндөгөн кичинекей ырчы кызга ийгилик каалайлы. Кыргыз бийичлери Жан Воинов менен Темирлан Назарбеков Орусиянын ТНТ телеканалындагы “Танцы” деп аталган бий долбоорунда бийлеп чыгып, өнөрүн сынга коюшканын, 17 жылдан бери гүл өстүрүп келаткан Каухар Исмаилованын “Корообузду гүлзарга айланталы” деген гүл өстүрүүнүн сырын баяндаган кеп-кеңешин, ырчы кызыбыз Назгүл Токтакунованын чыгармачылыгы, курбулары, өзү тууралуу маегин, Гүлжан Асанкожоеванын “Үч адамды бычактаган окуя 12 жашар баланын көзү менен” деген макаласын окуйсуздар.

“Вечерний Бишкек” гезити Александр Тузовдун президент Алмазбек Атамбаевдин “Биз эркин элдердин өлкөсүн курабыз” деген сөзүнө шилтеме кылган макаласы менен жаңы санын ачты. Анда президенттин Орусиянын “Интерфакс” агенттигине берген маеги тууралуу сөз болот. Президент эркиндик, оппозиция, СДПК, Башмыйзам, экономика, Евробиримдик, Орусия менен мамиле, Акаев менен Бакиев, өзү жана 9-Май жөнүндө кеп кылган.

Кутмановдун макаласы “Азимжан Аскаров боюнча Текебаевдин айткандары” деп аталды.