"Элдик парламент" эмнесинен жаңылды?

Элдик парламенттин лидерлери Бекболот Талгарбеков (оңдо), Төрөбай Колубаев.

Шаршембидеги кыргыз гезиттеринде саясий темадагы материалдарга арбын орун берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев 14-майда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” орденин тапшыруу салтанатында сүйлөп: “Ардактууу апалар! Балдарыңардын, неберелериңердин, чөбөрөңөрдүн төрүнөн сый көрүп жүрө бергиле! Ар дайым көңүлүңөр ачык, маанайыңар жарык болсун! Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге береке берсин”, деп чын дилден куттуктаганын бүгүнкү “Эркин Тоо” гезити жазып чыкты.

Бул санда Кадамжайдан 16 жашында Чоң-Алайга турмушка чыгып, 50гө жакын неберенин, 40 чөбөрөнүн, 2 кыбыранын урматына бөлөнүп олтурган 87 жаштагы Үрүниса эненин маеги бар. Жазгүл Кенжетаеванын макаласы “Энеси менен көбүрөөк сүйлөшкөн балдар жакшы жубайга туш болот” деп аталды. Элге алынып кеткен “Жетиген” журналынын башкы редактору, жакында эле “Түрксой” сыйлыгына татыктуу болгон журналист Абдиламит Жумашевдин маеги, журналист Таалайбек Темировдун сапар баяны жарык көрдү.

“Кыргыз туусу” гезити да жаңы санын президент Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө шилтеме кылуу менен “Энеден ыйык, энеден кымбат бул дүйнөдө эч нерсе жок!” деген баштема менен ачып, сыйлык тапшыруу салтанатынан макала басты. Орусия-Кыргызстан өнүгүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кулматовдун маеги “Жеңил насыялар экономиканы өнүктүрүү максатында берилет” деген ат менен жарык көрдү. Журналист Азимжан Ибраимов дүйнөлүк мелдештен жеңиштүү кайтышкан жаш шахматчылар тууралуу жазса, Бермет Маткеримова атактуу композитор Калый Молдобасанов тууралуу баяндады.

“Фабула” гезити жазуучу Чолпонбек Абыкеевдин “Мародерлор” романынан үзүндү басууну улантууда. Акын Муратбек Рысбеков маркум Жолдошбек Зарлыкбековду эскерди. Ырчы Нурзат Айдаркулова өзү жөнүндө кеп курду. Кыргыздын балбан кызы Айсулуу Тыныбекованын маеги да басылды. “Фабула” гезити “Ээликкен “Элдик парламент” боюнча эмне айтасыз?” деп суроо салганда коомдук ишмер Жыпар Жекшеев:- Талгарбеков баштаган “Элдик парламенттин” бийликти басып алуу аракетин эч ким колдобойт жана булардын артында эч ким жок. Ал эми анын жанындагы экөөнүн саясаттан кенедей да түшүнүгү жок адамдар,-деп,

серепчи Марс Сариев:-Талгарбековдордун бийликти басып алабыз, курал колдонобуз дегендери таң калычтуу. Мыйзам боюнча бийликти басып алууга аракет кылгандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат,-деп,

мурдагы депутат Надира Нарматова:- “Элдик парламент” дегенди мен уюм катары да эсептегим келбейт,-деп,

саясатчы Өмүрбек Абдыракманов:- Ар кимдин ар кандай сүйлөшүүгө акысы бар. Бирок мен “Элдик парламенттин” мүчөлөрүнүн көз караштарына караманча каршымын. Бирок сөзү үчүн эмес, кылган иши үчүн жазалаш керек,-деп,

укук коргоочу Токтайым Үмөталиева:-“Элдик парламенттин” сап башында жүргөн Төрөбай Колубаев деген таластык менин жердешим болот. Ал буга чейин камалганда жакындары мага жалдырап келген. Ошондо күч органдарына кадыр-баркымды салып, эл аралык коомчулукка кайрылып жатып бошонууга жардам бергем. Туура эмес кылды. Бийликти курал менен басып алабыз дегени чоң жаңылыштык болду,-деп,

саясатчы Темирбек Асанбеков:-“Элдик парламент” дегенде эле эл колдоп, ээрчип кетмек эмес. Бийликти тартып алабыз деп, мазмуну жок, кызуу кандуулук менен өздөрүнүн алсыз экендигин далилдешти,-деп,

саясатчы Алга Кылычев:-“Элдик парламент” дегендер Акаев менен Бакиевдин убагында чоң кызматтарда иштеп, элдин байлыгын жеп-ичип келгендер экенин элдин баары эле көрүп турбайбы. Андай кыйын болсо өткөн шайлоого чыгып көрүшпөйт беле. Камалганы туура болду. Эми жооп берип жатышсын,-деп жооп кайтарышты.

Үсөн Касыбеков макаласын “Метаморфоза” деп атап, бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамды талдоого алды. Журналист Тынчтык Алтымышев макаласын “Аксакалдар синдрому” деген ат менен жарыялап, төңкөрүш жасагысы келип делөөрүп кеткен Талгарбеков, Колубаев, Султанов, алардын артындагы жана алдындагы адамдар тууралуу кенен кеп кылды.

“Вечерний Бишкек” гезити да президент Алмазбек Атамбаевдин: -Биздин өлкөгө, энелерибизге тынчтык керек. Ошондуктан бүткүл эл тарабынан шайланган мамлекет башчысы катары айтып коеюн, жетишет! Мындан ары өлкөнү аркы-терки чайкагысы келгендер катуу жазаланат!-деген сөзүн баштема кылуу менен Энелер күнүндөгү сүйлөгөн сөзүн толук жарыя кылды.