Паспорт чырын бийлик эмес, жалпы эл чечиши керек

Кыргызстан паспорту.

Шаршембиде чыккан кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Багыт” гезити жаңы санын “Өмүрбек Текебаев Башмыйзамга өлүм жазасын киргизет” деген баштема менен ачты. Баратбай Аракеев “Кадрдын кадыры кеткен” деген макаласында кызмат маселесин кеп кылып, өздөрүнө тиешелүү тармактарда жакшы иштеген, накта профессионалдыгын көрсөткөн Эмил Каптагаев, Темир Сариев, Бактыбек Жусубалиев сыяктуу жигиттер ишсиз калганын, ал эми айрым тармактарда иш билбегендер же билген түр көрсөтүп эт менен челдин ортосунда жүргөндөр дагы эле иштеп жатканын жазып кейиди.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов “Муну мен кечирилгис тарыхый ката деп эсептейм” деп маек куруп, "Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу" мыйзам долбооруна жана паспорттогу “улуту кыргыз” дегенди алып салууга каршы экенин билдирди. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, Кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматов гезитке берген маегинде “Мухаммед пайгамбар” аттуу ыр дастанын бүтүргөнүн, шаардан кетип калып 14 жыл элетте жашаганын, дүйнө адабиятын, диндердин тарыхын окуп, өзүнө көп көрөңгө топтогонун, орус, индия, фарсы, араб адабиятын изилдегенин, дыйканчылык кылып пияз айдаганын, президент менен достугу 45 жылга жакындаганын жана башкаларды айтты.

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев маегинде акыры илим-билим аркылуу Байыркы жибек жолунун экономикалык байланышын калыбына келтирүү саясаты башталганын айтып берди. Айтылуу ырчы Бек Борбиев паспорттогу “улуту кыргыз” деген жазуунун тегерегиндеги талаш боюнча “Тайыр Сарпашев, өзүңдүн тайкы экениңди далилдедиң, сен “мырза” деген сөзгө татыктуу эмессиң” деген ат менен бир катар ачуу да, жүйөлүү да ойлорун билдирди.

“Майдан” гезити таланттуу акын кыздарыбыздын бири Афина Бакированын жаңы ырларын жарыялады. Гезиттин өз кабарчысы Алишер Токсонбаев Ош коогалаңын уюштургандар дагыле жазага тартылбай, чет өлкөлөрдө сайрандап жүрүшкөнүн билдирип Кадыржан Батыровдун, анын идеялаштары Иномжан Абдрасуловдун, Жалалидин Салахутдиновдун, Карамат Абдуллаеванын аттарын атады. Э. Момунов макаласында “Ош качан түрк дүйнөсүнүн маданий борборуна айланат?” деген суроонун айланасында ой калчады.

“Эмнеге президенттик шайлоого катышууну чечтим?” Мына ушундай ат менен “Майдан” гезитинин бүгүнкү санына Алмазбек Абеков 7 бөлүктөн турган ойлорун ортого салды. Камактагы Бекболот Талгарбеков маегин: “Эч күнөөсүз камалганыбыз Атамбаевге кадыр-барк алып келбейт” деп атап, кабарчы Асылкан кызы Паризаттын суроолоруна жооп берди. Талгарбековдун жактоочусу Тимур Жаанаев “Талгарбеков сынып, чөгүп же ыйлап кала турган адам эместигин" айтып маек курду. Гезит окурманы Шамил Карабала уулу макаласын “Паспорттогу 5-графаны жөн коюшпаса, “кыргыздар “Мекениңерге кайткыла, улут коркунучта!” деп жар салабыз десе, экс-депутат Жылдызхан Жолдошева маегин “Чындыкты жазып аткан басылмалар өтө аз” деп атап, Көлдү кыдырып элдин турмушун көрүп келгенин, паспорт чырын бийлик эмес жалпы эл чечиши керектигин, президент Ташкен саммитине барганын кубаттарын айтып, чегара, Талгарбеков, Сарыгулов, парламент жана башка маселелерге кенен токтолду. Депутат Садык Шер-Нияз 50 жылдан кийин кыргыз тилинде сүйлөгөн адам калбаса, анда “кыргыз мамлекети” деген атты да өзгөртүүгө туура келет” деп айтты.

“Көк асаба” гезити тарых илимдеринин доктору Ташманбет Кененсариев маегин “Кыргыз жараны” деген түшүнүк–биримдикке алып баруучу каражаттардын бири” деп атап, бул маселени кенен талдоого алса, саясат таануучу Жыргалбек Касаболотов макаласын “Бийлик айтпаса, биз айталы: улуттун “уурдалышы” эмнеге алып келет?” деп атап, аталган суроого кеңири түшүндүрмө берди. “Улут графасын” алып салуу акырындык менен кыргыз улутунун алсырашына, анан тилибиз сүйлөнбөй, Манасыбыздын унутулушуна алып келерин жазуучу Абдымамбет Сариев кеп кылды. Ушул эле “Көк асаба” гезити аркылуу бир катар жарандар бийлик бутагындагы бардык чоңдорго кайрылып “Кудай быякта калып, Кыргызстанда диндердин бийлиги жүрүүдө” деп жазып чыгышты.

“Вечерний Бишкек” гезити жайдын келиши, күндүн ысышы менен эми Ысык-Көлгө эс алууга аттангандар көп болорун, ошондуктан эс алган учурда ден соолукту да карай жүрүш керектигин эскертип, гезитке Бишкектеги Ден соолукту чыңдоо борборунун директору Жуман Акималиевдин бир катар медициналык пайдалуу кеңештерин басты.