Эски санаалаштардын эрегиши "душмандардын" гана табасын кандырууда

Кечээки санаалаштар.

Бейшемби күнкү кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Азия ньюс” гезити бүгүнкү санын Эдил Байсаловдун “Атамбаевдин башына иш түшкөндө Текебаев, Отунбаева жана мен тургам” деген маеги менен ачты. Маегинде ал президентти эки жардамчысы өтө коркунучтуу жана опурталдуу жолго түртүп коюшканын, “Эдил сен камалат экенсиң” деген сөздү жогорку кызматтарда олтурган адамдардан гана эмес, органда иштеген туугандарынан да укканын, эми “мен эч жакка качпайм, кайсыл күнөөм үчүн качам, күнөөм жок” деп адвокаттарды жалдап, даярданып коюп күтүп олтурганын, эң кызыгы ал Конституцияга каршы эместигин, жалгыз ушуну өткөрөм деп атып Атамбаев эмне мынча жаманатты болгонуна таң калып жатканын, буга дейре бүт дүйнөгө уят болуп, мурунку президенттерди айдап чыкканыбызды, бизге эми бул өңдүү ызы-чуунун кереги жоктугун, Атамбаевдин дагы эле ойлонууга убактысы бар экенин айтса, “Атамбаевди мөөнөтүнөн мурда алып түшүү менин милдетим эмес” деп маек курган Өмүрбек Текебаев “Атамбаевге айталы, өз айланасындагылардан тазалансын, тазаланганга жардам берели. Өкмөттү өзүбүз түзөлү да, Атамбаев мөөнөтүнүн аягына чейин аксакал болуп олтурсун” деп ачык айтышканын, аны мөөнөтүнөн мурда кетирүү анын максаты эместигин айтты. Текебаев муну менен бирге эле анын сары изине чөп сала баштагандардын ишенгени “17 жылга кесилген Абдулла Юсупов болсо анда бүткөн экенбиз” деп, Абдулла Юсупов деген муфтий Мураталы ажыны уурдап кетип, "Жалда" бир квартирада 2 млн. доллар апкелесиң деп барымтада кармап жатып, 2-кабаттан кайра-кайра ыргытып өлтүрүшкөнүн, бул боюнча башка да көптөгөн материалдарды билерин билдирди. Ал сөзүнүн аягында, бийлик аны камап коюшу мүмкүндүгүн, ушу кезде чач-пачын тегиздетип, иче турган дарысын бир айга жетерлик кылып даярдап койгонун да кошумчалады.

“ПолитКлиника” гезити жаңы санына Текебаев менен Атамбаевдин фото сүрөттөрүн басып, анын алдына “Доско күлкү, душманга таба болбогула!” деген сөздү жазды. Журналист Айгүл Бакееванын “Сакайып кетиңиз, “Судьбе назло!” деген макаласын жарыялады. Акылбек Чынтемиров Конституция тууралуу макаласын президенттин “Мураскер операциясын” четке кагарымды билдиргем” деген сөзү менен атады. Гезиттен Бишкек шаарынын башчысы Албек Ибраимовду Жогорку Кеңештин депутаттары жакшы иштеп жаткандыгын макташканын, ошол эле маалда анын 29 жер тилкеси бар экени ачыкка чыкканын, экс-президент Роза Отунбаева Бириккен Улуттар уюмунун сессиясында сөз сүйлөрүн кабарлады.

Журналист Дилбар Алимова “Доско күлкү, душманга таба болбогула!” аттуу макаласында бүгүн тирешип жаткан саясатчылар Бакиевдин кандуу бийлигин жок кылууда, каалаганын каалагандай айткан, каалагандай жазган, коркпогон, тартынбаган эркин заманды орнотууда эбегейсиз иштерди жасашканын эске салып, Отунбаева менен Текебаевдин кыргыз тарыхында өз орду барын, булар менен эсептешпей коюуга мүмкүн эместигин, эми президент да, ага каршы туруп жаткан кечээки санаалаш достору да эл үчүн терең ойлонуп, “тормозду” баса турган мезгил келгенин, элибиздин “Эрегиштен эр өлөт, эл жапа чегет” же “Эсиң барда этегиңди жап!” деген акылман сөздөрү барын, эрегешүүнүн арты арты жакшылыкка алып келбестигин, эски санаалаштардын тиреши Акаев менен Бакиевдердин жана алардын көп сандаган куйруктарынын табасын кандырып, колдорун ушалатып, ичтерин жылытып атканын, кечээ эле Текебаевдин атын укканда жерге түкүрүп, аны кантип жок кылууну билбей кыжырданып жүргөндөрдүн бүгүн отуна май таамп, калп эле Текебаевди жактамыш болуп, тирешкен эки жактын тең саясый өмүрлөрүнүн тезирээк “күм-жам” болушун күнү-түнү тилеп турганын, ошондуктан бул арты жаман кармашка чекит коюу керектигин жазып чыкты. Ушундай эле пикирлерин аксакалдар Кемел Ашыралиев менен Мамат Айбалаев айтып чыгышты. “ПолитКлинканын” бул санында журналисттер Парахат Шүкүрованын “Этникалык компромат ызы-чуусу” деген, Бакыт Орунбековдун “Атамбаевдин алтымышынчы ашуусу, чыйыры жана кыйыры” деген, Парахат Шүкүрованын “Өмүрбек Текебаев, Атамбаевдин жери, Кадыржан Батыровдун качып кетиши”, Батукаевдин качырылышы жана мародерлук тууралуу” деген макалалары басылды.

“Ачык сөз” гезитиндеги “Эгер өлкө тынч болсун дешсе...” аттуу макаласында журналист Жора Сулайманов өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн бүгүн тынчтыктан өткөн кымбат нерсе жоктугун, канчалаган азап-тозок менен куруп келаткан мамлекетибиздин жакшы жакты көздөй бараткан багытын уратып алсак, эми биздин даана шорубуз катарын, андыктан тирешкен эки тарапка кулак кагыш кылып, кыргыз өлкөсүнүн пайдубалын эл түзөрүн, элди чымынга теңеп, өзүм билемдик кылып чамынгандыктын арты жаман болорун, кырдаал бир калыпта турбастыгын, мурдагы пикирлештер минтип душманга айланып жаткандан пайдаланган үчүнчү күчтөр бүлүк салып, бийликке келчү болсо Атамбаевди да, Текебаевди да аяп койбостугун, ошондуктан булар бири бирине тиш кайрагандын ордуна тез арада ымалага келиши керектигин жазды.

“Асман плюс” гезити “Кыргызстандагы азыркы саясый абал мамлекетти эмнеге алып келет?” деген суроого айрым адамдардын жообун жарыялады. Турсунбек Акундун маеги “Атамбаев менен Текебаевдин тиреши жакшылыкка алып барбайт” деген ат менен жарык көрдү.